// //

6 жылдан бери паспорт алалбай жүрөм. Жарандыгы жок жигиттин баяны

2019.03.04, 13:41
2210

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын баяндап келет. 

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында алты жылдан бери паспорт алалбай, убара тартып жүргөнү айтылат.

Саламатсызбы! Мен өзүмдүн башыман өткөн окуямды айтып бергим келди. 

23төмүн. 3 жашымда атам апам экөөбүздү таштап кеткен. Атамды ошондон бери көргөн жокмун. Кийин апам жарандык никеге турду. Бир жылдан соң күйөөсү апамды “сени менен жашабайм” дегени үчүн өлтүрүп койду. Ошентип, таенемдин колунда калдым.

Турмушубуз оор. 5-класстан кийин окуумду таштап, тайкеме кошулуп курулушта иштедим, өзүм жашаган айылдагы элдердин малын бактым. "Аскерге барсам өз ордумду табамбы" деген ниет менен 2013-жылы аскердик кызмат өтүүчү бөлүккө келсем, “паспортуң жок экен”,-деп албай коюшту.

Паспорт столго бардым. Ата-энемдин паспортторун сурашты, мен "апам каза болгон, атамдын кайда экенин билбейм",- дедим. Ошол жерде иштеген бир адам “сага жардам берем”,- деп 15 000 миң сом алып алдап кетти.

Тилекке каршы, апам каза болгондон кийин эч ким кара кагаз албаптыр. Документтер боюнча апам тирүү экен. Ошондой болуп калса кана...

Паспорт алыш үчүн төрт жыл чуркадым, жыйынтык болгон жок.

Көп өтпөй силердин окурмандарыңардын суроолоруна жооп берип келаткан юрист Нурислам Раимжанов менен таанышып калдым. Анын жардамы менен жакында паспорттуу болгону турам. 

Паспорт алуу үчүн апамдын Кыргыз Республикасынын жараны экенин далилдеп беришим керек экен. Колумда апамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн башка документ жок.

Нурислам Раимжанов төрт жыл издеп таппаган документтерди тапты: апамдын кайсы мектепте окуганын, кайда иштегенин, өлүмүнө тиешелүү болгон кылмыш иштеринин кагазын. Бул документтер менен апамдын каза болгондугун мыйзамдуу каттап, паспортко документтеримди тапшырдым.

Тилекке каршы, паспорт стол "сен паспорт алууң үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюшу керек, ошондо гана сага паспорт беребиз",- деп айтты.

Жообун күтүп жатам. Окурмандарга айтаарым, аягына чейин күрөшкүлө. 

Нурислам Раимжанов, юрист

Мыйзам боюнча бул жаранга Кыргыз Республикасынын паспортун Президенттин жарлыгы жок эле беришсе болот.

Тактап айтсам, бул жаран Кыргыз Республикасында төрөлгөн жана бул боюнча туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү бар, ал эми Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү мыйзамынын 9-беренесинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөгөн документтер “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү, жарандын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөгөн башка документтер Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөгөн документтер болуп саналат” деп көрсөтүлгөн.

Же болбосо ушул эле мыйзамдын 12-беренесинин, 3-бөлүмүндө, “Бала туулган учурда ата-эненин бири Кыргыз Республикасынын жарандыгында турса, ал эми бири жарандыгы жок же белгисиз адам болсо төрөлгөн жерине карабастан бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат” деп көрсөтүлгөн.

Апасынын Кыргыз Республикасында төрөлгөндүгү жөнүндөгү түүлгандыгы тууралуу күбөлүгү бар. Демек, мунун апасын Кыргыз Республикасынын жараны болгон деп эсептөөгө негиз бар. Апасына берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүктө да КРнын жараны деп жазылган.

Булардын баары паспорт алуусуна негиз болот эле, бирок паспорт столу бул жол менен паспорт берүүнү каалабай "КРнын Президентинин жарлыгы аркылуу аласың" ,- деп жатышат. Азыркы учурда жообун күтүп жатабыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт