// //

Туугандар бири-бирине баш кошсо эмне болот? Адистер жооп берет

2018.08.10, 13:33
11393

Тууганына турмушка чыгуу же үйлөнүү идеясы акылынан адашып сүйгөн адамдын оюна келиши мүмкүн. Бул көрүнүш сериал же сүйүү романы үчүн жакшы окуя. Жашоодо мындай никелер колдоо таба бербейт. Эмне үчүн тууганга турмушка чыгууга же үйлөнүүгө болбойт? Келиңиздер, билип көрөлү.

Туугандарын сүйүп калгандар https://bilesinbi.kg/ порталына көп кайрылат. Алгач келип түшкөн бир нече суроолорду жарыялай кетсек:

Тууганыма тийсем болобу?

20 жаштамын. Жигитим бар. Быйыл күзүндө баш кошсок деген ниеттебиз. Бирок экөөбүз апам тараптан алыс туугандардан болуп кетебиз. Үйлөнсөк балдарыбыз нормалдуу болуп эле төрөлөбү?

Бөлөмө жашыруун үйлөнөм

Бөлөмдү сүйөм. Ал дагы мени жактырат. Баш кошуубузга ата-энелерибиз каршы. Биз ата-энебизге айтпай жашыруун нике кыйып турсакпы дегенбиз. Бул туура болобу?

Сүйгөнүм алыскы тууганым

Мага тууган бир кызды жакшы көрөм. Анын апасы менен менин таенем бир тууган. Мындайча айтканда апалары бир, аталары башка. Ал кызга үйлөнсөм болобу? Бул боюнча ата-энеме айта элекмин.

Балам оорукчан төрөлдү

Күйөөм экөөбүз тууган болуп кетебиз. Апаларыбыз бөлө. Биринчи балам ооруп, чарчап калган. Азыр экинчи балам ооруп, дарыланып жүрөбүз. Балама “Адреногенитальный синдром сольтеряющая форма” деп диогноз коюшту.

Табият мыйзамын бузгандар жоопко тартылат

Коомубузда сүйүп калып же ата-энесинин айтканынан чыга албай алыскы же жакынкы тууганына үйлөнгөндөр арбын. Кан аралашкан никенин эң негизги коркунучу – балдардын майып төрөлүүсү.

 

Мээрим Курманалиева, дарыгер-генетик

- Туугандардын бири-бирине баш кошпогону туура. Жөнөкөй үй-бүлөлөргө салыштырмалуу балдардын майып төрөлүү ыктымалы жогору. Мындай никенин келечектеги балдардын ден-соолугуна терс таасири тиерине 25 пайыз коркунуч бар. Мисалга, төрт баланын бирөө майып болуп калат.

Дарыгер-генетиктин айтымында эң жаманы бала өлүк төрөлүп калышы мүмкүн.

- Алсак, ата-энелери бир тууган болгон күндө деле, алардын ата-бабалары бир болот. Чоң апасында же чоң атасында рецессивдик ооруну алып жүргөн ген бар болсо ал кийинки тукумдарынын баарына берилет. Бирок баарында эле бул оору байкала бербейт. Эгерде баш кошкон туугандардын бирөөсүнүн гени күчтүү (доминанттуу) болсо анда рецессивдик оору байкалбайт. Экөөнүн тең гени рецессивдүү болсо, кийин алардын баласы рецессивдүү ооруну алат. Рецессивдүү ген аркылуу берилген оорулар абдан көп. Андыктан биз генетиктер кан аралашкан никени колдобойбуз.

Митистер, мулаттар абдан сулуу жана акыл-жагынан алдыда:

- Табият ата-энедеги эң жакшы гендерди алып, балага берет. Тандоо канчалык чоң болсо, дени-сак бала төрөлөт. Эми баш кошкон туугандарды алып көрсөк, алардын гендери бир, табият эмнесин алаарын билбейт, айла жок колго тийгенин балага берет. Өзүңүздөр деле карап көрсөңөр, митистер, мулаттар абдан сулуу жана акыл-жагынан алдыда. Мен башка улуттун өкүлдөрүнө турмушка чыккыла деп пропаганда жасаган жокмун, болгону канчалык ген тандоо мүмкүнчүлүгү чоң болсо, баланын ден-соолугу ошончолук чың болот.

“Калыңдын көп өлчөмдө болушу тууганга баш кошууга мажбурлаган”

Жакын туугандардын баш кошуусуна ислам эмне дейт болду экен? Теолог Кадыр Маликов :

- Шарият бир туугандардын баш кошуусуна тыюу салат, ал эми аталары же энелери бир туугандарга никеге турууга уруксат берет, бирок көп колдобойт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам):  “Туугандык байланыштан алысыраак үйлөнгүлө, аял алгыла” деп айткан. Бул канчалык алысыраак жактан аял алсаңар, ошончолук жакшы деген. Практика көргөзгөндөй, кан аралашып, бат-бат жаңыланып турса, жакшы.

Теологдун айтымында тууганга үйлөнүү калыңдын көптүгүнөн келип чыккан:

- Акыркы 100-200 жылда махр же калыңдын өлчөмү көбөйүп кеткендиктен, эркектер бөлөлөрүн жубайлыкка алганга мажбур болгон. Мындай никелер улуттун генофондуна терс таасир берет. Алсак, белгилүү бир ооруларды пайда кылат, мисалы кем акылдык. 

Биринчи кезекте келечектеги балдардын ден-соолугун ойлоп, анан үй-бүлө курулат. Шарият ата-энелери бир туугандарга баш кошууга уруксат бергени менен, бул биздин салтыбызга, үрп-адатыбызга туура келбейт.

Тууганыма тием деп, 3 майып бала төрөдүм

Медицина жол бербегенине карабастан баш кошуп алгандар кездешет. Мындай никенин курмандыгы болочоктогу балдар.

Гүлнара (каармандын аты өзгөртүлдү) 18 жашында тайкесинин уулуна турмушка чыккан. Үч баласынын экөө майып төрөлгөн:

- Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди жактырып калып, үйлөнүп алганбыз. Ата-энебиздин каршы болгонуна караган жокпуз. Биринчи балабыз “Балдардын церебралдык шалы” оорусу менен төрөлдү. Мойнун кармап, отура албайт. Экинчи балабыз төрөлгөндө баары жакшы деп ойлогонбуз, көрсө жаңылыпбыз. 3 ай болгондо көзү начар көрөөрүн билдик. Андан кийин 6 айлык кош бойлуу кезимде, боюмдан түшүп калды. Кичүү кызыбыз эле нормалдуу төрөлдү. Бирок анын дагы эс тутуму начар. Азыр мен балдар менен үйдөмүн. Ата-энем келген сайын мени урушуп кетишет. Алардыкы дагы туура. Күйөөм балдардын даарысына деп күнү-түнү жумушта. Туура эмес кылганымды балдарымды көргөн сайын эстейм. Алардын келечегин ойлоп алып ыйлайм.

Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова жакын тууган менен үй-бүлө кураар алдын жакшылап ойлонуу керектигин айтат:

- Жакын туугандардын баш кошкону болбойт. Мындай никеден балдар майып төрөлөт. Оба, кээде дени-сак балдар төрөлүшү мүмкүн. Бирок, убакттын өтүшү менен алар ар кайсы ооруларга чалдыгат. Кийин бул балдар турмуш курса, балдары кемтик төрөлүп калат. Мындайча айтканда ата-энесинин катасы үчүн балдары жооп берет.

Урматтуу окурман, мына ушулардын баары кандаш үй-бүлөлөрдүн күнгөй-тескейи. Туугандардын никесинен акыл-эси жетик эмес, майып же өлүк балдар төрөлүшү мүмкүн экендигин медицина ырастаган. Тууган менен үй-бүлө кураар алдын бул нерсеге көңүл бурууну унутпасаңыздар.

Эгерде сурооңузга жооп таппай жүрсөңүз, https://bilesinbi.kg/  сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолоруңуздарды узатсаңыз болот. “Билесиңби” келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден кесипкөй жоопторду ар бир өспүрүмгө же жаштарга жеке алып берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт