// //

Көрсө, 10 080 мүнөттүн ичинде англис тилин үйрөнсө болот экен

2018.08.07, 16:53
2717

Салам достор! Bilesinbi.kg бүгүн тил сүйүүчүлөрү үчүн тил үйрөтүүчү тиркемелерди сунуштайт. Колдонмолордун жардамы менен сиз жаңы дил билесиз!

Berlitz” менен англисче үйрөн!

            

Күндөн-күнгө англис тилин тереңдетип үйрөнүүнү каалайсызбы? “Berlitz” сизди англис тили ааламына алып барат. Тиркемеде: котормо, идиом, грамматика, сөздүк камтылган. Интерактивдүү видеонун жардамы менен, бат жана эфективдүү көнүгүүлөрдү аткарасыз.

Жаңыртылган: 17.11.2017-жыл

Көлөмү: 53M

Көчүрүү үчүн: Play market

Выучи 90% слов за неделю!”

     

  Англис тили дүйнөгө жайылган тилдердин бири. Кайсы жерге барба англисче билгендер четинен чыгат. Мейли Англия же Кыргызстан болсун. “Выучи 90% слов за неделю!” тиркемеси менен сиз сүйлөөгө эң керек болгон 300 сөздү үйрөнүп, өзүңүздү эркин сезе баштайсыз. Сөздөр үндүн коштоосунда үйрөтүлөт. Туура жаттап, туура колдонуу сиздин колдо!

 

Жаңыртылган: 24.02.2018-жыл

Көлөмү: 3,4M

Көчүрүү үчүн: Play market

 

“Учим французский с нуля!”

        

Француз тили-дүйнөдөгү эң кооз тилдердин  бири жана англис тилинен кийинки оорунду ээлейт. Бул тилде дүйнөнүн 43 өлкөсү сүйлөйт. Демек, сиз да эң жагымдуу тилде сүйлөөгө укуктуусуз! Тиркеме күнүмдүк жашоодо колдонулуучу 300 сөздү үндүн коштоосу менен үйрөтөт.

Жаңыртылган: 10.06.2018-жыл

Көлөмү: 3,2M

Көчүрүү үчүн: Play market

 

“Langenscheidt Digital GmbH & Co. KG” тил үйрөтүүчү программаладын жыйындысы.

Эгер сиз англис же испан тилин билип туруп андан ары тереңдетип үйрөнүүнү кааласаңыз, бул колдонмонун топтомдору сиз үчүн. Бул жерден англис, француз, испан, немец жана башка тилдерди үйрөнө аласыз.

 

Канча тил билсең, ошончо дил билесиң!

 

 

 

 

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт