// //

“Мына, сенин атаң бизди таштап, башкага кетип калды!”

2018.08.02, 12:23
3182

Азыркы учурда балдарын жалгыз бой тарбиялап келген ата-энелер көп. Кантип ушул балдарга ата-энесинин бирөөсү жоктугунун туура түшүндүрүү керектигин балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт Айгүл Камалова айтып берет. 

Бала менен баарлашуудагы эң негизги принцип - чындыкты айтуу. Себеби көп учурда атасы кетип калган же түрмөдө отурган, багып алган балдарга терс таасир тийбесин деген ой менен ар кандай калптарды айтып коюшат. Кыргызда “Кыңыр иш, кырк жылда билинет” деген жакшы сөз бар. Бала чындыкты билгенден кийин кечиримсиз жагдай болуп калышы мүмкүн. Бала атасынын же апасынын жоктугун өзүнө сүйүү, мээрим, колдоо жетпеген учурда сурап калат. Эгер мунун баары балага жетип турса сурабайт. Кандай кылуу керек? 

Каза болуп калса

Бала үч жаштан баштап жашоодо кандайдыр бир өзгөрүүлөр болоорун түшүнүп, ордун биле баштайт. Эгер атасы каза болуп калса, ачык айтыңыз. "Тигил жакка кетип калды, алыста" деген туура эмес. Эмне болуп каза болгонун (ооруп, авария, өлтүрүп кетти) жашырбаңыз. Болгон чындыкты айтып бериңиз.

“Иий, мен кантип багам, сураса эмне дейм, атасыз же апасыз тарбияланып калса эмне болот” сыяктуу ойлордун ордуна, “Мен толук кандуу тарбия бере алам, чындыкты айтам” деген ойлор болушу керек.

Башка үй-бүлө күтүп кетсе

Эгер атасы же апасы башка үй-бүлө күтүп кетсе, сиздин милдет чындыкты түшүндүрүү. “Мына, сенин атаң бизди жаман көрүп башкага кетип калды же сенин апаң жаман” деген сөздөрдөн алыс болуңуз. Эч качан терс баа берүүчү сөздөрдү колдонбоңуз. Атасы же апасы кетип калган учурда деле жаман көргөнүн кетип калган жок да, туурабы. “Атаң экөөбүздүн мамилебиз келишпей калды. Ушундай чечим кабыл алдык. Биз сени баары бир жакшы көрөбүз, биздин эки бөлөк болгонубуз, сага болгон сүйүүбүздү чектеп койбойт” десеңиз болот. Баланы ортого салып алып маселени чечкен болбойт. Балаңыз жаман жүрүм-турумга ээ болуп калбасын десеңиз, анын көзүнчө “Таап алган катыныңа же эриңе кет” дебей, эки жаат баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүү керек.

Ата-энесинин бирөөсү жок болсо

Бала белгилүү бир себептерден улам, айталы, бала никесиз төрөлсө, көптөр аларга ата-энесинин жогун калпты аралаштырып айтат. Мисалы, атаң бай же генерал болчу деген сыяктуу. Бул туура эмес. Кийин ал чындыкты билип, энесине ишенбей калат. Андыктан балага болгонун болгондой кылып айтып бериңиз.

Чындыкты кайра-кайра айтып кереги жок. Бала муктаж болгон суроосуна жоопту бир жолу алуу менен эстеп калат. 

Түрмөдө олтурса

Мисалы, атасы түрмөдө болсо “Сенин атаң түрмөдө. Мыйзам бузган. Ал жаңылышып калды” десе, бала дагы кийин өзүнүн жаңылышып калышы мүмкүн экендигин билет. Ар бир адам жаңылат. Бирок, жаңылгандан кийин туура жолго түшүү адамдагы эң чоң сапат. Калпты айткыча чындыкты айткыла. Бул дүйнөнүн идеалдуу эмес экенин билгендей, жаңылышты жеңе тургандай кылып тарбиялаңыз!

Ата-энеде  “Сен үчүн турмуш курдум” деген ой пайда болбошу керек. Өзүңүзгө үй бүлө керек болсо, никеге туруңуз. Бала үчүн кылганыңыз туура эмес. “Сен үчүн күнү-түнү иштейм” деген сөз балага башкалардан кемсиң дегенди билдирет.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт