// //

Саякатта акчаны кантип үнөмдөсө болот? Саякатчыдан лайфхак

2018.06.20, 14:39
3584

Салам достор! Бүгүн силерге саякатчы Даниэлла Стрыгинанын кеңештери менне бөлүшөбүз. Ал өз сырларын атайын биз менен бөлүштү.

- Чемодандын ичине көбүрөөк батсын десеңиз, буюмдарыңызды түтүкчө кылып бүктөңүз.

- Спонж, щетка, тиш пастасы, кулак таякачалары сыяктуу майда-чүйдөлөр салынган бир канча кичинекей сумка даярдап коюңуз. Эсиңизде болсун суюктук албаңыз (духи, лак, спрей ж.б).

- Ашыкча салмак үчүн аэропорттон эч качан акча төлөбөңүз. Жакшысы аларды ыргытып, жаңысын сатып алыңыз.

- Мейманканадан алып кетүүгө мүмкүн болгон бардык нерсени ала бериңиз. Кереги тиет деп айта албайм, бирок эстелик болот.

- Саякатчыга керектүү тиркемелер: Booking, Airbnb, Couchseerfing, Grab, Go Jack, Uber, Патефон, Radio Record, Expedia, Aviasales, Airasia, Maps.Me.

- Павербанк, кубаттагыч, ручка, тырмак үчүн кагаз арааны унутпаңыз.

- Китеп албай эле коюңуз, баары бир окубайсыз.

- Жаныңызга курч нерселерди албаңыз. 

- Аэропортто тамактар даамсыз жана кымбат болот. Аэропортко келе жатканда бир нерсе жеп алыңыз.

- Чылым үчүн "iqos" сатып алыңыз. Муну учактын дааратканасынан тартса болот.

- Кайда гана болбоңуз соодалашыңыз. Азияда бааларды 3 эсе көтөрүп коюшат.

- Трипадвайзер сыяктуу тамак-ашка арналган тиркемелерге убакыт коротпоңуз. Алар көп учурда күтүүлөрдү актабайт.

- Интуицияңызды өркүндөтүңүз. Жаңы жерге барганда алдын ала бул жакка барам деп пландабай эле, ар кайсы жерине бара бериңиз. Бул абдан кызык.

- Адашып кетүүдөн коркпоңуз. Жаныңызга отелдин визиткасын алып жүрүңүз.

- Жүксүз сейилдеңиз. Өзгөчө Азияда рюкзак эле жетиштүү. Ичине баалуу буюмдарды салбаңыз, уурдап кетишет.

- Акцент менен сүйлөп жатам деп кабатыр болбоңуз. Аны менен эч кимдин иши жок.

- Бир жакка баргыңыз келбей жатса, өзүңүздү кыйнабаңыз.

- Европадан учакка кечигип калсаңыз, сизди башка ички рейстерге отургузуп коюшат. Эгерде эл аралык болсо, билет баасынын үчтөн бир суммасындагы айып төлөйсүз.

- Аэропорт - бул навигациянын эң мыкты системасы. Андыктан ичинен адашып кетем деп коркпоңуз. Бирок келгенде эле каттоодон өтүңүз, гейтти табыңыз, анан сейилдеп жүрө бериңиз.

- Эстеликке өтө чоң эмес бир нерселерди чогултуңуз. Мисалы, барган өлкөлөрүңүздүн акчалары же кондуруучу (посадочные) талондор. 

- Эч качан аэропорттон акча алмаштырбаңыз. Банкоматтан акча алсаңыз, комиссия алынат.

Жыргап жүрүңүз! Болуп жаткан ар бир нерседен ырахат алыңыз. Сиз каалагандай болбой жатса да кабатыр болбоңуз. Баары кандай болушу керек болсо ошондой болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт