// //

Жыныс инфекциялары: белгилери жана дарылоо жолдору

2018.06.09, 15:43
69264

Жыныстык катнаш учурунда 30дан ашуун бактерия, вирус жана мите өткөрүлүп берилет. Эң көп кездешкендери сүзөк, герпес, сифилис, хламидиоз жана педикулез. Жогорку даражадагы врач-гинеколог Гүлзина Мадраимова жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар тууралуу айтып берди.

Жыныстык жол менен жуугучу оорулардын түрлөрү абдан көп. Негизгилерине токтоло кетсем:

  • сүзөк (гонорея);
  • гениталдык герпес;
  • сифилис;
  • хламидиоз;
  • педикулез.

Сүзөк-тукумсуздукка алып барат

Сүзөк (гонорея) –гонококк микробу пайда кылган, жугуштуу венерикалык оору. Жыныстык катнаштын түрүнө (оралдык, аналдык) жараша жыныс органы, кекиртек менен көтөн чучуктун былжырлуу чел кабыгы жабыркайт.

Белгилери:

Эркектерде: Жыныс мүчөдөн ириң же көгүш суюктук бөлүнүп чыгат, заара ушатканда ачышат. Кээде кычышып, жүрөк, муун ооруларын козгоп, ичимдик, ачуу тамактарды ичкенде кайталанып турат.

Аялдарда: Жагымсыз жыттанган көгүш, саргыч көгүш түстөгү суюктук бөлүнүп чыгып, заара түтүкчөлөрү какшап, тызылдап ооруйт. Түнкүсүн жыныс органы чыңалып ооруксунтуп, кээде денеси ысып, алы кетип, табити жоголот. Этек кир учурунда, суукка урунганда бат-бат кайталанып, тукумсуздукка алып келет.

Жуктуруу жолдору:

  • Оорулуу адамдан;
  • Оорулуунун буюмдарынан (төшөнчү, сүлгү ж.б).

Дарылоо:

Биринчи белгилери байкалганда тезинен дарыгерге кайрылуу.

Алдын алуу:

  • Жыныстык катнашта өнөктөштөрдү бат-бат алмаштырбоо;
  • Ачуу тамак, ичимдик ичпөө;
  • Заара ушаткандан кийин жыныстык органды жуу;
  • Оорулуу макул болбосо дагы мажбурлап дарылатуу.

Герпес-өмүр боюу организмде сакталат

Гениталдык герпести–жөнөкөй герпес вирусу чакырат.

Белгилери:

Жыныс органынын сыртына, былжырына исиркектер чыгып, 3-4 күндөн кийин катып, кургап калат, температура жогорулайт.

Жуктуруу жолдору:

  • Оорулуу адамдан;
  • Гигиенанын туура эмес сактоодон.

Дарылоо:

Дарылоо курсунан кийин денеге чыккан жаралар кеткени менен, герпес вирусу өмүр боюу организмде сакталат. Мындай адамдар жыныстык өнөктөштөрүнө инфекциянын булагы болуп кала берет.

Алдын алуу:

Белгилери байкалса дароо дарыгерге кайрылып, анализ тапшыруу керек. Дени сак балалуу болууну кааласаңыз гигиенаны сактаңыз.

Коркунучтуу-сифилис

Сифилис – кубарган трепонема вирусу козгогон, организмдин баардык системасын жабыркаткан, жугуштуу венерикалык оору.

Белгилери:

Агыш тарткан катуу жара пайда болуп, жатын туштагы бездер чоочуп, чоңоюп калат. Муундар ооруп, убакыт өтүшү менен бүтүндөй денени жара басат.

Жуктуруу жолдору:

  • Жыныстык катнашта;
  • Кош бойлуудан балага кан аркылуу берилет.

Дарылоо:

Дарыгерге тезинен кайрылбаса, бир нече жыл өткөндөн кийин дененин баарына тарап, жүрөк кан тамыр, таяныч жана нерв системаларын катуу жабыркатат.

Алдын алуу:

Кош бойлуу болсо тезинен анализ тапшырып, канда венерликалык оорунун вирусу жоктугун текшертүү керек. Гигиненаны сактап, жыныстык катнашта сактануу каражаттарын колдонуу сунушталат.

Тазалыктын душманы-хламидиоз

Халамидиоз – былжыр челге жугуучу, өтө кооптуу инфекция.

Белгилери:

Оору 1-2 жума сезилбейт, заара учурунда оорутуп, суюктук бөлүнүп чыга баштайт.

Жуктуруу жолдору:

  • Жыныстык катнашта;
  • Коргонуу каражаттарын пайдаланбаганда;
  • Гигиенаны сактабаганда.

Дарылоо:

Дарылоодон баш тартса, эркектердин урук безин, аялдардын жатынын сезгентип, тукумсуздукка алып келет.

Алдын алуу:

Хламидиоз менен ооруган эне тазалыкты сактабаса, коргонуу каражаттарын колдонбосо, ичиндеги балага зыян. Хламидия ымыркайдын ичегилерин, өпкөсүн, муундарын жана көздөрүн жабыркатат.

Жыныс мүчөнү биттетчү-педикулез

Педикулез-адамдардын жамбаш, чат жана колтук түктөрүндө пайда болчу майда, кан сооруучу биттер.

Белгилери:

Көбүнчө түнкүсүн айтылуу зоналар кычышат.

Жуктуруу жолдору:

  • Оорулуу адамдын кийимин кийгенде;
  • Төшөнчүнү, сүлгүнү биргеликте колдонгондо;
  • Жыныстык катнашта.

Дарылоо:

Тырмап коюп жүрө берүү тукумсуздукка алып келет. Дарыгердин көзөмөлү астында өнөктөшү менен бирге дарылануу сунушталат.

Алдын алуу:

  • Гигиенаны сактоо;
  • Жыныстык катнашта дайыма презирватив колдонуу.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
K
Kudret Madaminov
17.08.2019, 00:09

Саламатсызбы сенин сизге кайрыларым себеби. 1.2 кундон бери жыныстык мучомдун ичи кычышуу башында кыйналдым азыр сезилбейт. Ичиндеги эн чон тамырдын ичи. 1 жума алдын бир келин мн 10 минут кошулуп сразы жуунуп алган элем бул эмне болушу мумкун кандай дарылану жолдорун сунуштайсыз

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
17.08.2019, 00:10

?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
02.11.2020, 13:20

Мен кызменен кошулгам Жана окобуздун макулдугубуз менен бирок анын кыздыгына тийбегем между ног кылып койгом спермам кокусунан жатын бетине тийип кеткен ошондо жатын ичине киреби же жокпу 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
09.11.2020, 23:47

Жолдошум менен кошулгандан кийин женский жагым аябай эле ачыша берет. Эмне себептен болот??

0
Пайдалуу жооп
Ж
Жаанбаевич Жаанбаевич
30.04.2021, 09:44

Менин да жыныстык мүчөм  алсыз  болуп атат зараа тез келет ачышат көтөн чучук кычышат  менин ватсап номерим 0553157124 кандай врачка көрүнсөм болот

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт