// //

Кандай үй-бүлөлөр жөлөк пул ала алышат?

2018.05.23, 18:06
24809

Балдарга берилчү жөлөк пул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева “Билесиңби” порталына ой бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү мыйзамына ылайык жөлөк пулдун 3 түрү бар:

1. Бир жолу берилчү “Балага сүйүнчү” жөлөк пулу:

Өлчөмү-4000 сом.

Кимдерге берилет- 2018-жылдын 1-январынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайларга. ( 6 айына чейин документ тапшырып, жөлөк пулду алуу керек).

Керектүү документтер-ата-энесинин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

Документтерди кабыл алуу жайлары- Мамлекеттик каттоо кызматы, Никени каттоо мекемеси, Калкты тейлөө борбору, маалыматтык күркөөлөр.

2. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу:

Өлчөмү-810 сом.

Кимдерге берилет-16 жашка чейинки балдары бар, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө.

Керектүү документтер- арыз берүүчүнүн паспорту, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, жашаган жеринен маалымкат (эгерде каттоосу айылда болсо, учурда шаарда жашап жатса, шаардагы дарегинен маалымкат), кирешесин тастыктаган маалымкат (иштеген жеринен, айыл өкмөттөн).

Документтерди кабыл алуу жайлары- шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына.

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу үй-бүлөлүк кирешени чекке алуу менен эсептелинет. Эгерде үй-бүлө киришесинин жыйындысын үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлгөндө, ар бир мүчөгө чыккан сумма 900 сомдон ашпаса, анда ал үй-бүлөнүн балдарынын ар бирөөсүнө ай сайын 810 сом берилет. Бийик тоолуу аймактардагы муктаж үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна атайын коэффиценттерге ылайык, белгилүү бир суммадагы каражат кошулуп берилет.”

3. Социалдык жөлөк пул:

Өлчөмү- 1000 сомдон 3000 сомго чейин. 

Кимдерге берилет- 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, бала кезинен 1,2,3-майыптык топтогу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга, 1,2,3-топтогу майыптарга, пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга, баатыр энелерге, бир багуучусунан ажыраган (бир ата-энесинен) балдарга, эки багуучусунан (эки ата-энесинен) тең айрылган балдарга, ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга.

Керектүү документтер- арыз берүүчүнүн паспорту, балдардын күбөлүгү, ден-соолугу тууралуу маалымкат, жашаган жеринен маалымкат, социалдык фонддон документтер тизмеги, багуучусунан ажырагандыгы тууралуу маалымкат (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк).

Документтерди кабыл алуу жайлары- шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына.

Багуучусу убагында иштеп, социалдык төлөмдөрдү төлөп жүргөн болсо, ал каза болгондон кийин балдары социалдык фонд тарабынан пенсия алат. Эгерде багуучусу эч жерде иштебесе, ал каза болгондон кийин  балдарына Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан жөлөк пул берилет. Өлчөмү:

  • Бир багуучусунан ажыраса-1000 сом.
  • Эки багуучусунан ажыраса-2000 сом .

Жаш кезинде иштебеген, мамлекетке салык төлөбөгөн пенсиялык камсыздоого укугу жок кары-картаңдарга айына 1000 сом өлчөмүндөгү социалдык жөлөк пул каралган.

Маек учурунда Айкөл Турганбаева окурмандардан келген суроолорго жооп берди:

“Күйөм экөөбүздүн туруктуу жумушубуз жок. 2 балабыз бар. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулуна документтерди тапшырсак, сыналгы, муздаткычыңар, унааңар бар экен деп бербей коюшту. Эмне кылсак болот?"

  • “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун берүүдө муздаткыч, сыналгы сыяктуу үй оокаттарынын эсептөөгө кошулбай калганына көп болду. Узакка пайдалануучу товарлар: автоунаа, трактор, комбайн, жүк ташуучу унаалар бар болсо жана алар иштетилсе гана эсепке алынат. Айта кетчү нерсе каражаты жок үй-бүлөдө унаа болбойт. Унаасы бар болсо, ал жашыруун киреше болуп саналат. “Муздаткычың бар экен” деп кайсы райондун социалдык башкармалыгы бербей койду? Бул тууралуу бизге кайрылыңыз. Атайын чара колдонобуз.”

"Жалгыз бой энемин. 4 жаштагы балам бар. Балама жөлөк пул берилеби?"

  • Азыркы учурда нике күбөлүгү жок, бирок чогуу жашап жаткан үй-бүлөлөр көп. Андыктан, жалгыз бой эне деген статус жок. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу жалпы негизде гана берилет. Эгерде жалгыз бой эне деп бөлүп, өзүнчө жөлөк пул карай турган болсок туура эмес болуп калат.  Эгерде сиздин туруктуу иштеген жумушуңуз жок болсо, киреше жыйындысын үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлгөндө 900 сомдон ашпаса, анда шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылып көрүңүз. Мүмкүн алып каласыз. Ошондой эле 810 сом баланын кызыкчылыктарына гана каржыланышы керек. Бул сумма абдан аз, жумуш тапканга аракет кылыңыз.

“Үй-бүлөлүк көмөк” жөлөк пулун берүүдө үй-бүлө кирешесинин жыйындысына кары-картаңдарынын пенсиялары кошулуп, эсепке алынчу. 1-июлдан тарта улгайган адамдардын жаш кезинде иштеп тапкан акчалары өздөрү үчүн гана жумшалат. Үй-бүлөнүн кирешесине кирбейт!

"Курулушта иштейм. Жумушум туруктуу эмес, бирде бар, бирде жок. Келинчегим үйдө 2 жашар балабызды карап олтурат. Жөлөк пул алсак болобу?"

  • Мисалы, үй-бүлөңүздөрдө үчөөңөр эле жашасаңар, куруучу болуп тапкан кирешеңизди үчкө бөлгөндө 900 сомдон ашпаса жөлөк пул алсаңыздар болот. Сиз шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылыңыз. Жумушуңуз туруксуз болсо, айтылуу башкармалыктардын иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрү бар. Ал жерден айдоочу, ашпозчу, чач тарач, бухгалтер сыяктуу курстарга бекер окутуп, жумуш таап берүүгө көмөк көрсөтүшөт.

Эгерде жөлөк пул алып жатканда туруктуу жумуш таап, кирешеси көбөйсө, бирок кирешесин жашырып жөлөк пулун алып жүрө берсе, административдик жазага тартылып, айтпай алып жүрө берген күндөрүнүн жөлөк пулдарын  төлөп берет. Жөлөк пулга муктаж болбой калгандыгын 5 күн ичинде райондук башкармалыктарга билдирүү керек.

"Кошунабыз бизден жакшы жашайт. Бирок жөлөк пул алышат. Билишимче айыл өкмөтүндө тааныштары бар экен. Бул тууралуу кимге билдирсем болот?"

  • Эгерде жөлөк пул боюнча көйгөйлөр жаралса, суроолор пайда болсо же кызматкерлер акча талап кылса, орой мамиле жасаса, тааныштарына мыйзамсыз алып берсе эч коркпостон Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук кабылдамасына кат жазыңыздар же 0312 66 01 07 номерине байланышыңыздар. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылган иш-аракеттери тастыкталса, жоопкерчиликке тартылышат. 

2018-жылдын 1-июлунан тартып 1,2,3-топтогу 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык жөлөк пулун 33 пайызга көтөрүү пландалууда. Эгерде план ишке ашып калса 3000 сомунун үстүнө 1000 сом кошулат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Ж
Жанка Жанка
10.08.2020, 11:51

Кандайсыздар неге анан азыр учурда бизнеси бар адамдарда алат

0
Пайдалуу жооп
Б
Батма Болотбек кызы
08.11.2020, 14:47

Кайненем менен келише албай куйом экообуз бир нече убакыт чогуу жашаган жокпуз бирок ажырашкан да жокпуз.азыр куйом 2 балам менен квартирада турабыз шаарда.куйом курулушта иштейт иши туруктуу эмес.мен балдар менен олтурам.пасобияга тапшырсак бир жылдан кийин аласынар силер ажырашканда токтотконбуз деп чыгарбай атат.убактылуу чогуу жашабагандын кандай тиешеси бар бала учун каралган жолок пулга.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
13.01.2022, 22:37

Саламатсыздарбы мен азыр 3балам мн декреттик отпускада отурам,жолдошум иштебейт балдарга жолок пул тапшырсам болобу.Декреттик отпускада отурганда болобу.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
11.03.2022, 18:01

Саламатсызбы мен жалгыз бой энемин бир балам бар семья да апам пенсионер келиним 3баласына пособие алат мен жалгыз бой эне пособие алсам болобу сураныч жооп берип койсоңуз 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт