// //

Термечи-Нишан Молдо

2018.05.11, 14:43
2849

Нишан азыркы Ош облустунун Сузак районуна караштуу Көк-Дөбө айылында кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. Тилекке каршы Нишандын кайсы жылы туулуп, кайсы жылы дүйнөдөн кайткандыгы туралуу  так маалыматтар жок. Бирок  Барпы Алыкулов калтырган эскерүүлөргө караганда, Нишан Үркүн алдында 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Демек, акын болжол менен 1846-жылы туулуп, 1916-жылы дүйнөдөн кайткан болуу керек.

Нишан жетишпеген турмуштун айынан 7-8 жашка келгенде эле эмгектене баштайт.  Ал эми 20-22 жашка чыкканда эл оозуна кирген белгилүү акындардын катарына кошулат. Барпы акындын эскерүүсүнө караганда  Нишан чоң аш-тойлордо ырдаган эмес. Кыйла кыргыз акындарынын чыгармалары сыяктуу эле анын дагы ырлары бизге толугу менен жеткен жок.  Акындын терме-санат, насыят ырлары кийинчерээк гана элден жыйналып алынган. 

 

Эски терме-санат ырлары

Жашыңда оку илимге,

Жакуттай көзүң ачылат.

Ынтымак болсо бир тууган,

Башкалар кантип батынат.

 

Алганы жаман чыкканда,

Азамат жигит пас болот.

Башында арбак ургандын,

Аркасында чуу болот.

 

Элге насаат

Ынтымагың бар болсо,

Ар жерден намыс аласың.

Башкадан келген душманга,

Батырып найза саласың.

 

Ынтымагың бар болсо,

Мусапыр келсе,  багасың.

Сөздү сылык чыгарсаң,

Кимге да болсо жагасың.

 

Ынтымагың бар болсо,

Алыстагы душманга, 

Айбатың шаңдуу болосуң.

Ынтымагың болбосо,

Ач бөрүдөй улуйсуң,

Алдырып жатка куруйсуң.

 

Ынтымагың болбосо,

Тарп болосуң душманга.

Ынтымагың жок болсо,

Чекеден келген душманга,

Кошоматтап сүйлөйсүң.

Тууганыңды жамандап,

Душманга бет аласың, 

Ырыскыңды түгөтүп.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт