// //

Боюмда бар. Ата-энем билбейт.

2018.05.14, 10:09
1882

Жигитим экөөбүз 20 жаштабыз. Боюмда бар экенин бүгүн тесттен билдим. Болжол менен бир жума болсо керек. Жигитиме айткандан коркуп жатам. Ал кубанат. Бирок ата-энем ага каршы болгондуктан, алар менден баш тартып коет деп корком. Эмне кылсам, баланы калтырсамбы? Бирок ата-энемчи? Же башка өлкөгө качып кетсекпи? Үйлөнөлү десек шартыбыз жана жигитимдин үйү жок. Аябай бушайман болуп жатам. Курсактагы баламды эстесем көзүмө жаш толот. Баламды өлтүрүп алып, бактылуу жашай аламбы? Бала менен кошо өзүмдү дагы өлтүрсөмбү? Ата-энемден коркуп жатам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.05.2018, 10:12

Тамара Воронцова

Психолог

 

Кымбаттуум, абалыңыз абдан оор экен. Бул жерде сиздин гана эмес, курсагыңыздагы жаңы жашоонун дагы тагдыры чечилип жатат. Жигитиңиз менен жыныстык катнашка барып жатканда контрацептивдерди колдонуу зарыл эле. Ошондой эле 100 пайыз сактаган каражаттар жок болгондуктан, мындай нерсеге даяр болушуңуз керек болчу. Жигитиңиз менен натыйжасын ойлобогондуктан, сиз кош бойлуулукка даяр эмес болуп калдыңыз. 20 жашта экенсиздер, жыныстык катнашка барып жаткандан кийин, баарын билүү керек. Ошондуктан ата-энелер үй-бүлө курганга чейин, мындай мамилелерге тыюу салышат. Себеби алар балдары ата-эне болууга даяр эмес болуп калса, көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүлөрү керек болот. Мисалы, силердин абал. Ата-энеңизге айтуудан коркуп жатасыз, бирок бул абалдан чыгуунун башка жолу жок. Оба, башында урушат, бирок кандай болгон күндө дагы жардам беришет. Жакшысы апаңызга айтыңыз, андан кийин эмне кылуу керек экенин чечиңиздер. Дайыма эле кыздарды күнөөлөй беришет, бирок жигиттер дагы жоопкерчилигин мойнуна алышы керек. Көп учурда коркок, инфантилдүү жигиттер кыздар өзү чечип алат деп, качып, жок болуп кетишет. Түшүнгөнүм боюнча сиздин жигитиңиз андай эмес экен. Ал сырттан окуп иштеп же жөн гана иштеп силерди камсыздай алат. Бирок анын тапкан акчасы батирге чыгууга жетеби? Ошондой эле төрөткө, баланын кийим-кечесине, тамак-ашка дагы көп акча керек болот. Ал өзүнүн жана сиздин ата-энеңиздин жардамын албай, сиздерди камсыздай алабы? Эгерде оба десеңиз, анда суроо чечилди. Ата-энеңиз ага каршы болгон күндө дагы, мындай абалда үй-бүлө курууга алар жардам берип колдоо көрсөтөт.

Качып кетүү, өзүңүздү жана баланы өлтүрүү вариантарын карабай деле коюңуз. Бул кино же китеп эмес, бул жоопкерчиликти талап кылган чоң жашоо. Аборт кылуу маселесин туура көрбөй жатасыз, ошондой эле жараткан жиберген жаңы жашоону токтотуп кой деп мен дагы кеңеш бере албайм. Бул нерсени өзүңүз гана чечесиз жана жоопкерчилик дагы өз мойнуңузда! Жигитиңиз бала менен болууга, сизге үйлөнүүгө даяр экен. Жакшысы чыныгы эркектей болуп жумуш тапканды, жоопкерчиликти ойлонсун. Коркпоңуз, ата-энеңизге барыңыз, өз сүйүүңүз жана балаңыз үчүн күрөшүңүз. Алардын жардамы жок, сизге кыйын болот. Сизге жана ата-энеңизге туура чечим кабыл алууну каалайм! Өз бакытыбызды биз өзүбүз курабыз!

 

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
14.05.2018, 10:13

Гулзина Мадраимова 

Акушер-гинеколог

Кызым, сен жыйырмада болсоң жаш эмессиң. Эч качан жамандыкты ойлобош керек. Себеби дегенде, азыркы заманда мындай абалга жалгыз сен гана учураган жоксуң, башка дагы кыздар көп. Эң негизгиси бала жакшы көргөн адамыңдан пайда болду. Ата-эне бул улуу муундар, алар силер кетирген катаны оңдогонго акысы бар. Силер эч качан ата-энеден коркпой эле, биринчи психологго келип кеңеш алып, анан бала ата-энесине айтып, кыргызча ала качты же сүйлөштү кылып эле сени алсын. Боюңдагы бала азыр кичинекей, тойго камданга чейин ичиңдеги билинбейт. Сен жаман болуп жатам, качып кетсемби дегениң менен көйгөйдөн арыла албайсың. Себеби материлдык, моралдык жактан баары бир жардам керек. Маселени чечкенде ден-соолугуңа зыян келбегендей, келечекте бактылуу эне боло ала тургандай кылып чечишиң керек. Сени түшүнүп турам, азыр башыңа караңгы түн түшүп, мен эле ушундаймын деп жатасың. Азыркы заманда көп кыздар сеникиндей абалга кептелишет. Акылы барлар туура чечим кабыл алат. Балалуу болуп, өзүңдү жана жигитиңди бактылуу кылганга акың бар. Ата-энем макул эмес деп жатасың. Оба алар макул эмес, себеби сени жаш деп ойлоп жатышат. Мисалы, мага эки жума мурун 2 айлык боюнда бар, 19 жаштагы кыз келип, эмне кылаарын билбей жатканын айтты. Жигити менен сүйлөшсөк алууга көңүлү бар экен. Анан баланын апасын чакырып, баарын айтсак “биз балага эч качан тойгон эмеспиз” деп, ырым-жырымын жасап кызды келин кылып алышты. Азыр ал кыз тыпылдаган келин болуп, жакшынай жүрөт. Андыктан сен жигитиң экөөң сүйлөшүп, туура бир чечимге келгиле.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт