// //

Нике түн жана кыздык белги

2018.05.03, 14:14
174696

Эмнегедир көбү кыздык белгини ар бир кызда болот деп билишет. Бирок дененин кичинекей бул органынын ачыла элек сырлары көп. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова бул белги тууралуу кененирээк айтып берет.

Кыздык белгинин өлчөмү чоң болсо кан чыкпайт

Кыздык белги- аялдын жыныс орган мүчөсүнүн бир бөлүгү. Сырткы органдын ички жагына микробдорду киргизбей жаап турган, диаметри 0,5 см өлчөмүндө болгон жатындын кире беришиндеги эт. Ар бир кыздыкы бири-биринен айырмаланып, тегерек, сүйрү, катталган роза сымал формасында болуп өзгөчөлөнүп турат.

Роза түрүндөгү кыздык белгиден кан чыкпайт. Бул нерсени билүү абдан маанилүү!

Кыздардын көбү кыздык-бул бүтүн пленка деп ойлошот. Эгерде бүтүн пленка болсо, этек кир учурунда кан кайдан чыгат эле? Кыздык белгини билээрден мурун, кыздар алгач “кыз” деген сөздүн маанисин туура түшүнүшү керек. Кыргыздар муну байыртадан эле чечмелеп койгон, “кыз” -бул көздү, колду кысуу сыяктуу түшүнүк.

Ар бир бешинчи кыздын бирөөсүнөн кан чыкпайт

Биринчиден кыздык белги баарында эле боло бербейт. Статистикага таянсак ар бир бешинчи же ар бир үчүнчү кыздын бирөөсүндө кан чыкпайт. Муну биздин кыргыз эркектери түшүнө бербейт. 30 жылдан бери кыздарды карап жүрүп, мен бул белги туралуу көп нерселерди биле алдым. Ошон үчүн мен көп кыздарга турмушка чыгып алып ыза болбой, эртең күйөгө тийем дегенде гинекологго текшерилип кет деп айтам. Эжеси, жеңеси гинекологго колунан жетелеп келип, кан чыгабы же чыкпайбы билип алышсын.

Кан чыкпай калса кыз эмессиң деп айтуунун өзү туура эмес

Мисалы, биринчи нике түндө кыздан кан чыкпай калды дейли. Ал кызды “сен кыз эмес экенсиң” деп күйөсү гана эмес, ошол жердеги апалар, жеңелер, абысындар күнөөлөйт. Аларга кыздын энеси да кошулуп, “жоош элең кызым, алданып калган жок белең,” деп өз кызынан шектенип баштайт. Бул алардын кыздык белги тууралуу түшүнүгүнүн жоктугунан кабар берет.

Кыздык белгисинин тешиги жок кыздар дагы болот

Бойго жеткен кызда этек кир келгенде кан сыртка чыгып турат. 30 жылдык практикамда 3 кызды көрдүм. Ал кыздарды мага 12-13 жашында алып келишти. Кыздык белгилери бүтүн, тешиги жок экен. Этек кири келгенде кан чыга албай толуп калгандыктан, белгини бир аз тилип канын чыгарганбыз. Кан тимеле катуу болуп катып калыптыр. Эгерде кыздыгын кичине тилип, канын чыгарбасак, кан кайра артка кетип жан чыдагыс оорутуу болмок.

“Жума күнү төрөлгөн кыздарда кан чыкпайт”

Кыздык белгинин роза түрүндөгү, кан чыкпаган формасы тукум кууп, энеден кызга берилет.

Кабылдамага жашы 50гө чамалап калган апа келди. Эки кызы бар экен. Өзү турмушка чыкканда, нике түндө кан чыкпатыр. “Менден кан чыкпай калды эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин күйөм ишенбейт. Ачууга алдырганда улам эстеп, айтып турат. Жакында кыздарымды турмушка узатам. Кыздарымды сага текшертейин деп келдим” деди. Макул, көрөйүн деп карасам эки кызынын тең кыздык белгисинин формасы чоң экен. Сиздикиндей болуп, кыздарыңызда дагы кан чыкпайт дедим. Энеси эмне кылам деп көзүнө жаш алды. Кудагыйыңызга ачыгын айтып, ишенбей жатса мага алып келиңиз деп түшүндүрүп бердим. Байыртадан эле кыргыздар айрым кыздарда кан чыкпай тургандыгын билишкен. Буга “Жума күнү төрөлгөн кыздарда кан чыкпайт” деген аныктама дагы берип коюшкан.

Кызды гинекологго 40 күндүгүнөн баштап көргөзүш керек

Кыздык белгиден кан чыкпай калуунун бирден-бир себеби, кыздардын кичинекей кезинде жаракат алуусунан дагы болот. Өзгөчө 2-15 жашка чейин балдар гиперактивдүү болгондуктан көп урунат.

Мисалы, менин көзөмөлүмдө турган 3 жашар кыз, бала бакчадан кумду тегеректетип койгон шиш жыгачтардан аттап өтөм деп, ага отуруп калыптыр. Канын токтотуу үчүн тигүүгө мажбур болдук.

Андан сырткары гинекологго 18 жаштан эмес, кызды 40 күндүгүнөн баштап көргөзүш керек. Билимдүү эне кызынын этек кири келгенге чейин эле гинекологго алып барып турат. Бүгүнкү күндө кичинекей кыздарда сезгенүү болуп, “молочница”, “вульвовагинит” сыяктуу оорулар көп кездешүүдө. 2 жашар кыз бала булар менен кантип оорумак эле деп, көп энелер карабай коюп жатат. Мындай кайдыгерлик өз кезегинде кыздык белгиге дагы терс таасирин тийгизет. Ошондой эле кичинекей кыз чүчөк болгондо, кечинде уктап жатып курт жыныстык органына кирип кетсе, кытышканынан тырмап, белгисине жаракат кетирип алышы мүмкүн. Муну гинекелогго кызын текшерүүгө алып барып турбаган эне билбей калат. Андыктан кыздык белгиден кан чыкпай калуу себептери абдан көп. Бир гана адиске бааруу менен жообун билүүгө мүмкүн.

Бойго бүтүү үчүн кыздык белгини айрыштын деле кереги жок. Жыныстык катнашта кыздык белгиси жабыркабаса дагы бойго бүтөт. Анан жигиттер “мен сага тийген эмесмин” деп таштап кетишсе, кыздар "мен кызмын, боюмда болушу мүмкүн эмес" деп ойлошот. Медицинада жылаңачтанып, кучакташып жатып алып, кумар алууну- петинг деп коет. Бирок диаметри 0,5 см тешикке бир эле урук түшүп калса, кыздын боюна бүтүп калат.

Жыныстык катнашка бала жаратуу үчүн баруу керек

Биринчиден жыныстык катнаш бала төрөө үчүн керек. Ал эми сүйүү үчүн аял менен эркектин денесинде башка орундар толтура. Жатын деген сөз кандай маанини билдирет, билесиздерби? Бул жерге бала киргендиктен, “жатып тын” дегенди түшүндүрөт. Демек, кыздык белгини ошол жерге микроб кирбеши, жатын бир бөлмө сыяктуу болгондуктан, таза турушу үчүн сактоо керек. Үйүң таза болбосо ошол жерге жашап, конок күтө аласыңбы? Эмне себептен акыркы кездерде ара төрөлгөн балдар, бойдон түшүү көп болуп жатат. Баары кайдыгерликтин айынан. Түйүлдүк бул абдан кыйын, акылдуу келет, жатын ичинин таза болушун, азыктанып турушун талап кылат. Анан сезгенүү болсо, аялдын жеген тамагы начар, стресске көп кабылса, бала “мен бул жактан чыгам” дейт, бойдон түшүү коркунучу пайда болот. Кыргызда “арканды алыска ташта” деген макал бар. Келечекти, эртеңки күндү ойлоп иш кылуу керек. Бактылуу эне болгуңуз келеби деп сурасам баарыңар ооба дейсиңер. Ал эми ошол бакытка жетүү үчүн эмне кылып жатасыңар, жакшылап ойлонгула.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
15.06.2018, 22:21

 Эркек адам кумарлангандан бөлүнүп чыккан суюктуктан гана бойго бүтөбү же кандай? 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
10.01.2022, 23:45

Саламатсыздарбы

Менин сурайын дегеним турмуш курганга жашымда  келип калды, бир жолу паркта темир аттракционго отургам которуп жерге таштаганда жатыныма катуу тийген уйго келсем бир аз кан болуп калган эле. Азыркы учурда аябай ойлонуп журом Ушул кыздык белгим жокбу ошондо деп сурайын дегем.Ананда гинеколого баргандан уялып  жатам эмне кылсам болот.

Алдын ала ырахмат !

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт