// //

Төшөктөгү муздак айымдар. Сексолог айтып берет

2018.05.02, 12:45
48442

Жыныстык жашоодон кумар алып, таттуу ырахатка балкып жашоо-бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок жыныстык катнашка барууга болгон каалоо төмөн же толугу менен жок болсо эмне кылуу керек? Психотерапевт жана сексолог Илья Комаровер айымдардын төшөктөгү муздактыгы тууралуу айтып берди.

Фригиддүүлүк-акыркы диагноз

“25 жаштамын. Турмушка чыкканыма 6 жыл болду. 2 кызым бар. Менин көйгөйүм жолдошум менен кошулганда кумар албайм. Көп ооруймун. Болоор болбоско нерв болуп, уруша берем”.

Жыныстык катнаш учурунда кумар ала албаган айымдырды фригиддүү дейбиз. Фригиддүүлүк- бул акыркы диагноз, “аялдын муздактыгы” деген маанини билдирет. Мындайча айтканда аял сексуалдык канааттануу, оргазм менен коштолушу керек болгон жыныстык катнашта денени сылап-сыйпоого таасир бербейт, эч нерсени сезбейт.

Фригиддүүлүк деген диагноз бир тарабынан туура эмес. Себеби фригиддүү аял болбойт. Бул эркектин аялды кумар ала тургандай кылып белгилүү деңгээлде дүүлүктүрө албагандыгынан кабар берет.

Ар бир аял жаш курагына карабастан эрогендик зоналардын дүүлүгүсүнөн улам гинекологиялык оргазм ала алат. Дал ушул эрогендик зоналар биздин кумар алуубузга мүмкүнчүлүк берет. Адамдарда бул зоналар генетикалык жактан түрдүү абалда жайгашат. Кызыгы кээ бирөөлөрдүн эрогендик зонасы алаканында болот. Аялдын сексуалдуулугуна жооп берген белгилүү аймактардын дүүлүгүсү ар дайым кумар алууга алып барышы керек.

Төшөктөгү муздактык тубаса эмес

Айымдардын муздактыгы тубаса эмес, кийин пайда болгон нерсе. Мындайча айтканда, фригиддүүлүк күткөн кумар алуу менен реалдуулуктагы кумар алуунун дал келбөөсү. Сиз каалаган кумарды өңөктөшүңүз бере албайт же бергиси, үйрөнгүсү келбейт. Бул абдан өкүнүчтүү.

Мага “төшөктө муздакмын, кумар ала албайм” деп көп айымдар кайрылат.

Айрымдарын гинекологго текшерүүгө жиберсем, жатындары бүктөлүү болуп чыгат. Мындай абалда кошулуу ыкмасын алмаштыруу керек болот.

“Жолдошума айтсам, таарынып калабы деп корком”

Көп учурда жыныстык катнаштан кумарга бата албаган айымдар өнөктөшүнүн көңүлүнө карап көйгөйдү жашырып коюшат. Бул туура эмес кадам. Жыйынтыгында сезимдерди суутуп, мамилени бузат.

“Үй-бүлө курганыбызга 8 жыл болду. Ортобузда 3 балабыз бар. Жолдошум менен жыныстык катнашка барганда дүүлүкпөйм, кумар албайм. Жыныстык катнашка барууга каалоом дагы жок. Мен фригиддүүмүнбү?”

Көп учурда аял кумар албаганын күйөсүнүн же өнөктөшүнүн көңүлү үчүн жашырып коет. Мунун аягы сүйүү сезиминин жок болушуна алып келет.

Фригиддүүлүктө эч качан оозду жаап койбош керек!

Эгерде сиздер бири-бириңиздерди сүйсөңүздөр, анда ортодо жашыра турган эч нерсе болбошу зарыл. Аял менен күйөө биринчи кезекте дос болот. Аял канткенде дүүлүгөт, кандай учурда кумар алат, эрогендик зоналарды кайда экенин айтып бериши керек. Эгерде эркек аялын барктабаса, аны өзүнө ыктабаса же аял ыктагысы келбесе анда мындай үй-бүлө дубалы бат урайт. Баары жубайлардын ортосунда интим туралуу ачык сүйлөшүүнүн жоктугунан улам болот.

Интернеттен маалымат алуунун кереги жок. Ал жакта ыплас нерселер абдан көп. Көйгөйдү адиске кайрылуу менен бир заматта чечип алса болот.

Өз алдынча арылууга мүмкүн эмес

Өз алдынча төшөктөгү муздактыктан арылса болбойт. Бул жерде кесипкөйдүн жардамы зарыл. Көйгөйү бар айымдар күйөөсү жок деле текшерүүгө келсе болот.

Көп аялдар “ бул тууралуу жолдошума айтсам, таарынды, ишенбей, мени күнөөлөдү” деп айтышат. Бул болсо өз кезегинде өнөктөштөрүнүн сексуалдык билиминин жоктугунан кабар берет.

40 жылдык практикамда фригиддүүлүк суроосу тынбай берилет. Атайын таблеткаларды ичип, өз алдынча дарыланып, дүүлүгүнү стимуляция кылуу зыян, тыюу салынат. Сексолог, сексапатоллог деген адистер бар. Маселе жаралдыбы, аны жашырып, бекитип, чыдап жүрө бербестен ошолорго кайрылгыла демекчимин.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
31.05.2019, 21:28

Адиске корунгум келет кантип байланышсам?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
10.06.2019, 15:54

Фиригдуулук дегендин даарысы  барбы лечения кылса болобу менин да аялым ошондой окшойт еч еле тошоко чакырсам жаткым жок дей берет биз да ошол маселеден таарынышып калабыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт