Ата-эне жана тарбия, үй-бүлөнүн өйдө-төмөнү

2018.04.25, 15:34
1441

Ар бир ата-эне өзүнүн баласы менен сыймыктангысы, аны менен мактангысы келет. Ата-эне үчүн баардык балдар бирдей болгону менен өз баласына келгенде аны өзгөчө таланттуу, уникалдуу деп карайт. Кыргыз элинде буга карата «карга да баласын аппагым дейт» деген макалы бар. Бирок ошол эле учурда ата-эне менен балдардын ортосунда көптөгөн маселелер да арбын, үй-бүлө жана тарбия туурасында балдар менен ата-энелер эмне дейт, аларга адистердин жообу кандай?

Балдарды коргоо борборунун психологу Таалайбек Жакыпов, адам баласынын милдети артта келе жаткан муунду жашоого үйрөтүп, өзүнүн башынан өткөндөрдү айтып берүү жана тажрыйбасын, билгендерин, нуска насааттарын мурас катары калтыруу дейт.

  • Балага тарбия берүүдө жөн гана куру сөз менен айта бербей ага үлгү көрсөтүшү керек, маселен эгерде мен ата-эне болуп туруп чылым тартсам, балама чылым тартпа деп айтуунун кажети жок. Эгерде атасы зыяндуу заттардан алыс болуп, үй-бүлөсүнө сый менен мамиле кылса баласы аны туурай баштайт. Демек, таалим-тарбия-бул үлгү болуу.

Акыркы учурларда оорукчан же ызакор, көпчүлүктөн өздөрүн кем сезген балдар көп төрөлүүдө дешет адистер. Анын себептери абдан көп, бала түйүлдүктө жаткан кезинде эле өз энесинин ага кылган мамилеси, кайын энесинин, күйөсүнүн катаал мамилелери курсактагы балага терс таасирин берет дешет. Ичтеги бала кадимкидей баарын туюп, сезип тураары бул илимде дагы тастыкталганы айтылып эле жүрөт.

  • Маселен эки жаш үйлөндү, бирок биринчи карьера анан 10 жылдан кийин балалуу болобуз деп чечишти дейли. Эгер кокустан боюнда болуп калса, болочок эне ошондо нааразы боло баштайт. “Карьерам калып калды, бул бала мага тоскоолдук кылды” дегендин баарын бала сезет, төрөлгөн соң, мунун баары акырындык менен сыртка чыга баштайт. Андыктан баланы тарбиялоону эки жаш үйлөнгөндөн баштоо зарыл. Экөөнүн бири-бирине болгон мамилеси, балабыз кандай болот деген оюу, биз ага кандай мамиле кылабыз деген нерселердин баары болочок балага таасир берет. Ал эми ымыркай төрөлгөндөн кийин антип же минтип тарбия беребиз дегендин таасири жок дейт Балдарды коргоо борборунун психологу Таалайбек Жакыпов.

Баланын сезимдери жана талаптары.

Ошол эле учурда бойго жеткен балдар турмушта өз алдынча тандоого ээ болуп, окуу жайга өтүү, үйлөнүү же турмушка чыгуу өңдүү маселелерге келгенде талаш-тартыштар көп болот. Окурмандарыбыздын бири учурда Бишкектеги Жогорку окуу жайларынын биринде билим алып жатканын, алыстагы жакындарына кабатыр экенин, ата-энеси жана бир туугандары талаптарын коюп жатканын, мындан улам өзүн бактысыз сезип жүргөнүн айтат.

Саламатсыздарбы, мен 19 жаштагы студентмин, алыскы аймактан келгем. Менин айтайын дегеним окуу жайга чейин ата-энем менен бирге туруп, ар дайым чогуу болуп мен аларга, алар мага көнүшкөн дегендей. Азыр менин колум бошобой окуум менен алекмин, күндүзү кечке сабакта, андан соң кечинде берилген тапшырмаларга даярданып колум аябай эле байланып калды. Мындан улам ата-энем менен байланышып сүйлөшүүм албетте мурдагыдай эмес. Буга ата-энем таарынып, кээде уруш талаш чыгып кетип жатат, сен шаарга барганы эркиндикти сезип, каалашыңча басып туруп, бизди такыр унуттуң, байланышып турбайсың деп таарынышса өзүмдү аябай күнөөлү сезем. Биздин сага керегибиз жок, экинчи планда калып калдык, сен өзүмчүлсүң деп жатышат. 

Суроого психолог Айгүл Ысыкеева жооп берди.

Мен сиздин апаңызга мындай суроого бергим келди, шагынан түшкөн алма, кайра барып шакка жабыша алабы же андан аркы жашоосун улантабы?

  • Сиздин окуяда ата-энеңиз менен көз каранды же байланышып калуу мамилеси орун алган, бири-биринен ажырашуу оор жана көп кыйынчылыкты алып келет. Бул байланып калуу мамилесинин артында коркунуч сезими катылган. Ошол себептен “бизди унуттуң, биздин сага керегибиз жок” деген коркуу сезимдери келүүдө. Негизи ата-эне балдарды бул дүйнөгө алып келгенден кийин багып өстүрүп, чоңойтуп өз жашоолоруна коё бериши керек. Көпчүлүк учурда “мен сени багып чоңойттум эми мени бак” деп милдет кылып алышат. Мындай кылган туура эмес. Эгер балага кичинесинен сүйүү берип, туура тарбияласа кийин бала өз сүйүүсү менен кам көрөт, эгер тескерисинче милдет менен тарбияласа бала дагы милдет менен ата-энени сүйүүсүз багат же таштап кетет.Сиз эмне кылышыңыз керек. Ата-энеңизге жинденип, таарынып алардан качпаңыз. Болгонун болгондой айтып, түшүнүшүп алгыла. Же болбосо күндө жарым саат убакыт бөлүп чалып, окууңузда, жашооңузда болуп жаткан кыйынчылыкты же жетишкендикти айтып туруңуз.

Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат

Ошол эле учурда балдарынын кылык жоруктарына нааразы болгон ата-энелер да жок эмес. Айгүл атту эне, баласынын ага карата гана эмес жубайына, балдарына кылган мамилеси катаал экенин, турмушта алган тарбиясын эми өз үй-бүлөсүнөн чыгарып жатканын айтат.

  • 29 жаштагы уулумдун мүнөзү мени аябай тынчсыздандырып келет. Ал айлана чөйрөсүндөгү адамдардын бааарына мүнөзү өтө катаал, аялы, балдарына кылган мамилеси мени кооптондурат. Мен го энеси катары чыдап келдим, укпайт, бир нерсе айтсам басмырлап урушуп кирет, мүмкүн атасынын мүнөздөрү калганбы, же көргөнүн кылып жатабы деп ойлойм. Бул баламдын атасы менен ажырашып кеткем, анткени ал көп иччү, ичип келген күнү тынчтык жок болчу, көп учурда сабачу, мындан улам кыш болобу же жайбы баламды алып качып, туугандарымдыкына жашынчумун. Акыры алардан да уялып сууктун күнү болсо да мал короого кирип ал уктаганча баламды жаныма алып түнү менен отурган күндөр болгон. Балам ошонун баарын көргөндүктөн азыр ушундай катаал болуп жатабы деп да ойлойм. Уулум кичинекей балдарына да катаал мамиле кылат, мен мунун баарын карап тура албадым, кеп-кеңешиңиздерге муктажмын.

Психолог Айгүл Ысыкееванын айтуусунда бул мүнөздү ал өз үй-бүлөсүнөн үйрөнгөн, учурунда баланын атасы да өз энесин, балдарын укпай басмырлап келген. Бул ушундай тукум- эстафетасы деп аталат дейт. Ал эми профайлер Арсланбек Камчыбеков кичинесинен ошондой тарбия алган адам кийин көргөнүн жасайт, ага айтканда кабыл алуусу да оор болот дейт. Диний адамдарга көрсөтүп кандайдыр бир ыйман жолуна гана салбаса неберелердин эс тутумунда калган бул көрүнүш, кийинки муунга берилип уланып кете бериши мүмкүн дейт. Андан чыгуунун жолдорун психолог Айгүл Ысыкеева айтып берди.

Кантип чыгыш керек?

  1. Ушундай тукум сценарийинин курмандыгы болгонуңарды түшүнүү жана моюнга алуу.
  2. Сценарийди токтотконго аракет кылуу. Мисалы, балдарын басмырлап жатса мүмкүн анын максаты бардыр, бир нерсе кылсын, үйрөнсүн деген. Ошол максатка жетиш үчүн башка туура жолдорду билбеши мүмкүн, балким билсе дагы ошол туура жолдор менен кете албай жаткан чыгаар, жөн гана отуруп жай сүйлөшүп акырын түшүндүрүңүз.
  3. Кандай мүмкүнчүлүктөрү, жөндөмдөрү бар, ошого үйрөнүү.
  4. Изилдөө, өзүнө өзү суроолорду берип, кайсы ички коркунучтарым туура мамиле кылуудан мени кармап жатат. Мисалы, “жумшак айтсам, мени эч ким киши деп эсептебейт”, “алсыздыгымды көрсөтөм”, “мен баарын өзүм башкарышым керек, антпесем колдон чыгып кетет” ж.б. ички коркунучтары болушу мүмкүн.
  5. Үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай туура мамиле кылууну үйрөнүү. Китептен, интернеттен, психологдон, досторунан ж.б. Чындап издесе азыр жооп табуу оңой.

Ошондой эле сиздин жеке өзүңүздө үй-бүлөдөгү түзүлгөн жагдай татаал көрүнүп жатат. Уулуңузга карата дайыма стресс абалында жүрөсүз, ушундай эле абал уулуңуздун келинчеги, балдарында да бар.

Ар бир баланын өз жолу бар

Ар бир ата-эне убагында эмнеге жетпей калса, ал нерсеге баласынын жетүүсүн каалайт. Бирок көп учурда бул нерсе туура эмес болуп калат. Ар бир баланын өзүнүн жан дүйнөсү, аалам тараптан берген миссиясы, милдети болот. Көп ата-энелер “мен дарыгер болгум келген, эми сен дарыгер бол” деп медицина институтуна киргизип коет. Жактырбаган, каалабаган жумушунда иштеген бала бактысыз болот. Андыктан ата-эне баамчыл болуп, баласына байкоо жүргүзүүсү абдан маанилүү дешет адистер. Баланын жөндөмүнө карап, иш кылууну айтышат. Ошол эле учурда балдар да ата-эненин турмуштук тажырыйбасын эстен чыгарбоосу кажет. Эч качан ата-эне балдарына жаман нерселерди каалабайт, баардык жакшы нерселерди гана каалап, тилек кылышаары талашсыз. 

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт