// //

Тандырга нан жаба албаган аялымды сүйө албай койдум

2019.11.21, 15:52
5878

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында, аялына көңүл жок экени айтылат. Каармандын аты өзгөртүлдү. 

Акылбек: көчөгө ээрчитип чыккандан намыстанам

Баш кошконубузга эки жыл болду. Бирок аялымды эч эле сүйө албай койдум. Ушул күнгө чейин биринчи сүйгөнүмдү күтүп жашап келем.

Бойдок кезде бир кыз менен сүйлөшчүмүн. Ага болгон сезимдер ушунчалык күчтүү эле. Катуу сүйчүмүн. Бүгүн да андан үмүтүмдү үзбөй келем. Ал менин азап тартып жүргөнүмдү билбейт. Себеби, бактылуу, күйөөсү, мотурайган эки баласы бар. А мен бактысызмын...

Келинчегимди туугандарым тапкан. Чогуу жашаган менен бөтөн адамдайбыз. Бизди бириктирип турган уулубуз. Көргүм келбейт. Көңүлүм жок. Айласыздан жашап келем.

Тамакты даамдуу жасай албайт. Тандырга нан жаба албайт. Үйгө келген конокту жакшылап тосо албайт. Адамдар менен мамиле кура албайт. Байкуш, апам баарын өзү кылат. Көчөгө ээрчитип чыккандан намыстанам. Чарчап бүттүм. Деги кандай кылсам болот?

Адис эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Сиз ата-энеңиздин өтүнүчү менен үйлөнүптүрсүз, кызды алар тандап бериптир. Ата-энеңизге жагууга аракет кылдыңызбы? Ар бир адамда тандоо бар, эч ким мажбурлай албайт. Сүйүү менен гана баш кошуу керек!

Экинчи жагынан алып караганда, сиз эмнеге бара жатканыңызды билгенсиз, жок дегенде аялыңызды сүйгөнгө жана аны жакындан билгенге аракет кылдыңызбы? Эки тараптын эсептешүүсү (брак по расчету) менен курулган никелер кээде күчтүү болот.

Аялыңызга кам көрүп, анын жакшы жактарын тапкандын ордуна, ар дайым никеде бактылуу болгон жана эки баласы бар айым жөнүндө ойлоп жатасыз. Эгер аны ушунчалык катуу сүйсөңүз, эмне үчүн ага үйлөнгөн жоксуңуз? Алыстан сүйчү белеңиз же сунушуңузду четке кактыбы?

Аялыңыз апаңызга окшотуп тамак жасай албайбы? Бул үй-бүлөдө эң маанилүү нерсе эмес, үйрөнөт! Тамакты даамдуу жасай албаган же такыр эле жасабаган аялдар бар, күйөөлөрү аларды жакшы көрүп эле жүрүшөт.

Дос болуу, бирин-бири түшүнүү жана колдоо, жалпы кызыкчылыктарды жана максаттарды табуу баарынан маанилүү.

Өткөн чак менен жашап, эмне каалап жатканыңызды билбей жана сиз үчүн башкалар чечкенине караганда, жан дүйнөңүздө дагы деле кичинекей бала бойдон калгандай сезим калтырып жатасыз. Эркек болуңуз! 

Ата-энеңизден бөлүнүп, өз үй-бүлөңүз менен жашаңыз, тамак даярдаганга, баланы караганга аялыңызга жардам бериңиз, чогуу бир жактарга баргыла.  Жашооңузду өзүңүз куруңуз!

Эгер такыр эле мүмкүн болбой жатса, аялыңызды жана балаңызды бактысыз кылбай ажырашыңыз. Өмүр бою биринчи сүйүүңүздү күтпөйсүз деп үмүттөнөм, анткени ал сизге мүмкүнчүлүк берген эмес. Жаңы аял алсаңыз, ал деле апаңыз сыяктуу даамдуу тамак жасай албаса кандай болот?  Даамдуу тамак жасаганы менен башка кемчиликтери бар болсо эмне кыласыз?

Жашооңузга көп максаттарды коюңуз, жумуш – эркек үчүн эң маанилүү! Аялыңызды жакшылап билгенге аракет кылыңыз! Же кандай туура болот десеңиз, ошондой кылыңыз! Ар бир адам бактылуу болушу керек! Жубайыңыз менен балаңыз да, сиз менен же сизсиз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт