// //

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

2019.11.13, 13:41
19931

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын баянында жигитинин кызыктуу сунушу тууралуу айтылат. Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Альбина: аялы бар экенин айтты

Сүйүп калгам. Башында билсем жолобойт элем. Же ал баарын алдын ала ушундай кылып пландаган.

- Чоң кыз, отуруңуз жеткирип коеюн.

- Рахмат байке, мен маршрутка менен эле.

- Коркпой эле коюңуз.

- Корккон жокмун.

Эрнис 31 жашта. Менден сегиз жаш уулу. Барчу жериме жеткирип койду. Тырышып жатып телефонумду алып калды. Жазса жооп берип жүрдүм. Көңүлүмө алчу деле эмесмин. Бир-эки жолу жумушуман тосуп алып, үйгө таштап койду.

Бара-бара жүрөгүм акылыма баш ийбей баштады. Качан келет деп офисте отуруп алып терезени акмалай берчү болдум. Кесиптештерим “сүйгөнүңдү күтүп жатасыңбы?”- деп каткырып күлүшөт. Жооп бербейм. Эки көзүм эшикте.

Бою узун, ак жумал, сулуучумак келген, орундуу сүйлөгөн мырза. Мындайча айтканда, көптөгөн кыздардын кыялындагы ханзаада.  

Келгенде кур келбейт: колунда ар дайым гүл же белек. Бир мүнөт көрбөсөм сагынып кетем. Акыры сүйүп калганымды моюнга алдым.

Ал күн дале эсимде.

- Жаным, мага бала төрөп берчи.

- Никеси жок элеби?

- Ооба.

- Эмне деп жатканыңды түшүнүп турасыңбы?

- Ананчы.

Аялы бар экенин айтты. Бирок, белгилүү бир себептерден улам балалуу болуша албайт экен. “Экөөңдү тең сүйөм”, “Аялымдан баш тарта албайм”, “Сени жоготкум келбейт”, андан кийинкилерин уккан жокмун. Машинанын эшигин тарс жаап, үйгө чуркап кирип кеттим.

Ошол күндөн баштап Эрниске жолуккан жокмун. Ооба, катуу сүйөм, бирок никеси жок бала төрөп берүүгө макул эмесмин. Күн сайын жазат, чалат, жооп бербейм. Өзүмдү араң кармап турам.

Эгер сунушуна макул болсом, баланы өз үйүнө алып кетет имиш. Себеби, анын колунда бар, а мен али жаш экенмин. “Сени таштабайм, мурункудай болуп жолуга беребиз”,-дейт.

Айтыңызчы, кандай кылсам туура болот? Аны унуткум келет. Баса, мен али кызмын, ортобузда эч нерсе болгон эмес.

Адис эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум, жигитиңиз сизден карын эне табыптыр. Эгер макул болсоңуз, анда баланы бересиз, а балким экинчисин дагы ж.б.

Мүмкүн ал батир сатып берип, сизди камсыз кылып турат, бирок бул чоң суроо. Сиз менен кандайдыр бир себеп таап урушуп, акчасын коротпогон ыңгайлуурак болот. Ал бир жерден гана азаматтык кылды – пландарын сизге ачык айтты.

Өзүңүзгө жооп бериңиз: Сиз ушундай тагдыр тууралуу кыялдангансызбы? Жашооңузду бул жол менен курууну пландагансызбы? Сиз башка аялды “апа” деген алыстагы бала жөнүндөгү ойлорду элестете аласызбы?

Эч качан бирөөгө өзүңдү курмандык кылбаш керек – күйөөң үчүн да, балаң үчүн да, сени колдонуп, тагдырыңды бузуп, анын үстүнө өзүнүн жашоо вариантын сенин жашооңо таңуулаган бейтааныш киши үчүн да.

Сүйүүдөн тышкары, акыл-эсти жандырып, өзүңдүн тагдырың жана балдарың үчүн жоопкерчилик алуу керек. Сизде өзүңүзгө таандык жана өзүңүз каалагандай сүйүү, үй-бүлө, балдар болот. Ал адам чалса жооп бербеңиз, жолукпаңыз – ал өзүнүн аялынын пайдасы үчүн дагы башка жаш, тажрыйбасыз кызды сүйүп калат.

Аны унутуу үчүн психологго кайрылыңыз, анан тез убакыттын ичинде сезимдериңизден бошонуп, азап тартпайсыз. Алдыга багыт алыңыз, артка кылчайбаңыз, өз бактыңызды өзүңүз куруңуз!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт