// //

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

2019.11.18, 16:22
10107

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

“Аут”, “От сетка”, “Тос, тос”, “Тууй ата, аут топту эмнеге алдың?”. Апам волейбол ойноп жатканда атам жөн карап тура албайт. Күйүп-бышып апам менен кошо залда чуркайт. Демейде өзү  “болеть” этип келген. Оюн бүткөндөн кийин чуркап барып кучактап өөп, суу берип, терин арчып, “азамат, жакшы ойнодуң”, - деп, жылуу сөздөрүн айтат. Жанында ар дайым аптечка ала жүрөт. Кулап түшсө чуркап барып, тизесин үйлөп зеленка сүйкөп берет.

Бул ирет оюнга өзүбүз менен кошо алты айлык инимди ала келгенбиз. Атам ага сүт берип, памперсин которгонго жетишип жатты.

Атам менен апамдын баш кошконуна он беш жылдай болуп калды. Үч бир тууганбыз. Мен үйдүн эң уулусумун. Менден кийинки бөбөгүм алты жашта. Эң кичүүсү алты айлык.

Атам кандай адам экенин айтып берейинби? Анда угуп тургула.

Апамдын кирпигине чаң жугузбайт, эч качан жаман сөздөрдү айтып көңүлүн оорутпайт, апамдын сөзүн укпай койсок бизди урушат, жасаган тамагын ар дайым мактап жейт (бир-эки жолу тузу өтүп кетсе да мактаган), бөбөгүмдү өзү алып калып салондорго жиберет, көйнөк сатып берет, үй иштерине жетишпей жатканда кол-кабыш кылат, ооруп калса жумушунан суранып келет, туулган күнүндө сюрприз жасайт ... Охх, чарчап кеттим, бир күндө мунун аягына чыга албайм, иши кылып атам сонун адам экенин түшүндүңөр да.

Карапайым эле үй-бүлөбүз. Кээде нанга жетпей калган учурлар болот. Ошондо да атам кейип-кепчибей, шабашка кылып келе коет.

“Ден соолугуңа пайдалуу болот”, - деп, апама волейбол ойногонду атам үйрөткөн. Турнирлерди өзү издеп таап, апамды алдын ала жаздырып коет. Бир да оюнун калтырган эмес. Ар дайым колдоп-коштоп бакырып, дем күч берет.

Классташ кыздарымдын бирөөсүнүн да атасы меникиндей эмес.

Кошуна эжелер апамды көрө албайт. Эмне үчүн экенин айтпай эле коеюн. “Ии, күйөөң алып бердиби, жакшы экен”,-деп мурдуларын чүйрүп сүйлөшөт. Апам аларга көңүл бурбайт. Тек гана күлүп кутулат.

Жыл өткөн сайын ата-энемдин сүйүүсү, бири-бирине болгон жылуу мамилеси күчөп барат. Мен аларды карап суктанып отура берем. Чын, экөө бир да жолу катуу урушкан эмес. Биздин үйдөн ар дайым күлкү угулат. Сабактан келатып бул нерсеге күн сайын күбө болом. 

Менин бир тилегим бар. Кийин күйөөм атама окшош болсо экен. Ошондо мен да апамдай бактылуу аял болом.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
18.11.2019, 17:38

Бактылары туболуктуу болсун!

0
Пайдалуу жооп
А
Алик
28.11.2019, 20:43

Атан м,н апан жомоктогудай жашайт экен да аа 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт