AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мектепке арты кыркылган көлөч кийип барып уят болгом. Боорду эзген окуялар

Мектепке арты кыркылган көлөч кийип барып уят болгом. Боорду эзген окуялар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын башынан өткөн күлкүлүү окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Бул ирет окуучулук күндөрдү эске салган баяндар менен тааныштырабыз. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

“Завучтун” буйругу

Бир күнү “завуч” эже бир мугалимди чакырып келгени жөнөттү. Барып чакырып жатканын айтсам, “мени жок экен деп койчу” деди. “Завучка” барып туруп, байкабай “жок деп койчу деп айтты” деп коюпмун. Эртеси эже “ушинтипсиң” деп күлгөн. mull3.1602

Арты кыркылган көлөч

8-класста окуйт элем. Чачым узун болгондуктан, чыга бериш жердеги күзгүгө алдында кечке таранып анан мектепке кетем. Бир күнү дагы ошентип, ак кофта, жакет кийип, ак бантик тагынып жуманын биринчи күнү сабакка жөнөдүм. Мектепке жеткенде окуучулардын баары мени карайт. Чоң класстын балдары каткырып күлүштү. Класска кирип кеттим. Сабак башталды. Доскага чыкканда анан айтышты. Ал учурда жыртылган көлөчтүн артын кыркып кийип алчубуз. Бутка аябай ыңгайлуу болчу. Ошону менен келиптирмин. Айла жок, алты саат көлөч менен жүргөм. al.tynai5769

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүү окуялар

Сумкасы жок окуучу

Үйдөн мектепке жетишим бир азап эле. Бир нерсени унутуп калган жокмунбу деп улам-улам үйгө кирип-чыга берген адатым бар болчу. Бир күнү окууга жөнөдүм. Ичимден бир нерсемди унуткандай боло бердим. Жарым жолго жеткенде артымда сумкам жок экенин байкадым. Көрсө, сумкамды салыштырып коюп, кайра аны унутуп чыгып кетипмин. kubatbekova729

Бугунун мүйүзү

Мектепте окуп жүргөн убак. Класстан ачык сабак өтүп жатканбыз, сахнада оюн ойноп. Мен ар дайым алып баруучу болот элем. Бир кыз бугу болуп, бугунун мүйүзүн башына тагынмак. Мүйүз артынан резинка менен байланат экен. Ал болсо алдынан байлап алыптыр,  резинка кысып, ымыркайларга окшоп бети чоң болуп чыгып калыптыр. Мен аны көрбөй тургам. Карап алып токтоно албай күлүп кирдим. Залдагы көрүүчүлөрдүн баары мени карап турат. Канча аракет кылып токтойун десем дагы болбойт. Дем жетпей баштады. Карасам, бизди даярдаган эже дагы мага кошулуп күлүп жатыптыр. Бирок кийин классташымдан кечирим сурагам. Байкуш жоош болчу, “мм” деп эле койгон. aykow98

«Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы», деп айткам. Мигранттардын окуялары

Каны жок өлүм

Окуучулук кез. Аябай шок кыздар элек. Бир жолу 8-мартка карата конкурска катыштык. Мен Уркуя Салиеванын, чоң, бойлуу кызыбыз каракчынын ролунда, мени келип бычактамак. Окшоштурабыз деп мен аппак көйнөк кийдим, пакетке кан жасап даярдап алдык. Сахнага чыгып аткарып жатабыз. Пакеттеги канды сахнага алып чыккыча пакети менен кошо түшүп калыптыр. Аткарып жатабыз. Бир маалда тиги кыз мага бычак такап эле турат. “Өлтүрбөйсүңбү?” деп шыбырасам, “Кан кана? Жанатан бери мойнуңду сыйпалап таппай жатам” деди. “Өлтүрө берчи каны жок”,-деп, зорго чыдап аткарып кирип кеткенбиз. Ушул окуяны эстеген сайын күлөбүз. sez.im00

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

«Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы», деп айткам. Мигранттардын окуялары

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет

Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.