AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Лошади

«Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы», деп айткам. Мигранттардын окуялары

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын башынан өткөн күлкүлүү окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Бул ирет мигранттардын кызыктуу эскерүүлөрүн жазабыз. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, биз менен байланышыңыз. 

Свежий аял

Бир эже айтып берген, эстесем азыр да күлкүм келет. Ал Москвага жаңы барат (2005-жылдары). Туугандары ресторанга идиш жууганы киргизип коюшат. Бир күнү жумушунан келе жатса, полиция кармап документ сурашат. Эже орусча такыр билбейт экен. Полиция “отделениеге” алып барышат. Таң аткыча ошо жерде отуруп, “кое бергиле мени, Москвага жаңы келдим” деп айта албай “Я свежий женщина” дей бериптир. nurgulbakirova246

“Арахис” деген пиво

Айылдан эч жака чыга элек кыз элем. 7-8 жыл мурда биринчи жолу аяш энем менен Иркутскиге баргам. Мени официант кылып бир кафеге киргизип койду. Ал жакта кыргыз, өзбек, тажик көп болгондуктан орусчанын деле кереги жок болчу. Бир күнү аяш энем, “Айка, барды карап турчу, мен тышка чыгып келейин”, деп кеткен.

Бир аздан кийин эки кыргыз бала келди. Бири пиво алып, экинчиси:

— Чоң кыз, мага арахис бери койчу

— Макул, — деп холодильниктин ичин кечке издедим. Таппай койгонуман — «Арахис» деген пиво түгөнүп калыптыр, дедим.

Аябай күлүшүп:

— Жаңы келдиңби? Арахис деген жер жаңгак, мына, деп өзү алып алды.

Уялганыман жерге кирип кетейин дегем. aika.1906

Мужской юбка

Кийим саткан дүкөндө консультант болуп иштейм. Бир бала келип эле:

— Юбка кайсы жакта деп сурап калды.

— Сизге женскийби же мужскойбу? – десем болобу? Ал таң калып:

-Конечно, женский! – дейт. Бир аздан кийин: — Мужские тоже есть что ли? – деп сурап коет.

Досторума айтып, аябай күлгөнбүз. repmikg

Айнек эшик

Жолдошум экөөбүз үч айга чукул кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Москвадагы ТРЦга (Соода борбору) барып, сейилдеп, киного кирчүбүз. Бир күнү “ужас” кино көрүп, коркуп чыктык. Чыккандан кийин жолдошум, суу кайсы жерде бар экен, сурайынчы, деп эшиги ачык дүкөнгө чуркап кетти.

Жүгүрүп баратып эле жеткенде, башы менен “каңк!” этип айнек эшикти сүзүп алып жатпайбы. Сатуучу орус аялдар “Боооже мооой!” деп кыйкырган бойдон калышты. Ошондон кийин ал дүкөнгө барбай калганбыз. bakr5822

Дватцать второго заберете

Шаарга келип, бир жумушка кирдим. Орус улутундагы аялы менен күйөөсү келип калды. Аларды тейлеп бүтүп, “двадцать второго заберете”-деп айтам деп “двадцать ДВАтого заберете” – дедим, өзүмдү туптуура сүйлөп жаткандай “уверенно” сезип. Бирок, бир жерде ката кеткенин сезип жаттым. Алар кеткенден кийин жумуштагылардын күлгөнүчү. guljamaltoktobaeva

Не хочешь!

Бешинчи класс окуйт элем. Апам менен Москвага барып калдык. Квартирада башка байкелер да жашайт экен. Кухняга кирип калсам, плов жеп жатышыптыр. Мени карап:

— Хочешь? – десе. Мен аны карап

— Не хочешь! – деп жооп берип жатпаймынбы. Оюмда “Не хочу” дегенди айтмакмын да. sultanbaeva_09

Маленький корова

Орусча жакшы түшүнөм, бирок туура эмес сүйлөйм. Москвага барганда бир “охранник” сурап калды, силер жакта жумуш жокпу? — деп. Мен болсо айлык аз, көпчүлүгү иштебейт, мал менен оокат кылабыз, деп жооп бердим. Не малыңар бар? – деп сурайт.

— Лошадь, бараны, корова и маленькие коровы есть, — десем түшүнбөйт.

— Пони? – деп сурап коет.

— Нееет, маааленькая коровы, деп коем. Ал өмүрүмдө «маленький корова» көргөн эмесмин, деп таң калат. Анан эстей коюп мен:

— Ребенок корова, — десем, каткырып

— Теленок! – дебейсиңби, дейт.

Кийин жолугушкан сайын күлүп жүрдүк. adiky_zamujem

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мектепке арты кыркылган көлөч кийип барып уят болгом. Боорду эзген окуялар

Мектепке арты кыркылган көлөч кийип барып уят болгом. Боорду эзген окуялар

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.