AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энемдин бул кылганын уккан курбаларымдын оозу ачылды

Кайын энемдин бул кылганын уккан курбаларымдын оозу ачылды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Турмушка курбуларымдан эң акыркысы болуп чыктым. Элдердин айтымы боюнча “кара далы” болгондо. 

Чынын айтсам инстаграмдагы баракчалардан  ар кандай үй-бүлөлүк окуяларды окуп коркчумун. Анан да жаңылыктардан айымдарды кордогон, жанын кыйып салгандарды укканда турмушка чыгууну ойлогум дагы келчү эмес. 

Тааныганы, тааныбаганы деле “каан турмушка чыгасың?”, “быйыл турмушка сөзсүз чык”, “кара далы болуп кеттиң”, “эр албай калат” дей берчү. Башында жиним келип, аларды көргөндө алыстан каччумун. Кийинчирээк көңүлгө албай, укпай калгам. 

Жолдошум менен таанышканда жакын адамымды тапкандай сезилди. Көптөн берки таанышымдай сүйлөшүп, ага бат эле ишенип калдым. Бир жарым жылдай мамиле куруп баш коштук. Ошол учурда бир дагы жолу түшүнбөстүк болуп, урушкан жокпуз. Экөөбүз тең чоңоюп, түшүнүктүү болуп калганы үчүнбү же чыныгы сүйүү үчүнбү билбейм. 

Ал  беш бир туугандын кичүүсү. Кыргызда айткандай үйдө калчу, ата-энени бакчу бала. Мен аны түшүнүп, билип, айылга ата-эне багып жашоого макул болуп турмушка узадым. Бирок кайын энем менен атам бизди шаарды көздөй кайра кетирип жиберди. 

Арадан бир ай өткөндөн кийин, кайын энем чай үстүнөн кеп баштады:

— Ыя балам, силер шаарыңарга качан кетейин деп жатасыңар? 

— Иий, ооба, жумушуңар калып калды го, деп кайын атам сөзгө кошулду. 

— Апа, ата биз бул жака жашайлы деп келгенбиз. 

— Кой ботом, шаарда жакшы жумушуңар, өзүңөр каалаган жашооңор бар. Жубайың да шаарга көнгөн, ошол жака барып оокатыңарды кылгыла. 

— Силерди ким багат? 

— Эмне дейт ботом, баккыдай биз жаш бала эмеспиз, абышкама чайын берип, киймин жууганга дагы он жыл жарайм. (күлүп) 

— Улуу байкеңдин баласы биздикине келем деп жатат, ошол бизге караан болот. Силер сагындырбай келип турсаңар, биз барганда күлүп-жайнап тосуп алсаңар эле жетиштүү болот. 

Чынын айтсам таңгалдым. Ушунчалык түшүнүктүү адамдардын болооруна ишене албай турдум. Шаарга жолго камданып жатканда апам салаттын, вареньенин түрлөрүн салып коюптур. Анан да мага мындан кийин жоолук салынбай, ээн эркин эле жүрө берүүгө уруксатын берди. 

Мунун баарын курбуларыма айтсам, ооздору ачылып калды. Кайын энелери меникиндей болгондо эмне кылып салмак экендиктерин айтышты. Эрте эле турмушка чыгып, кайын эненин каарын көрүп, кыйналып күн көрүп жаткандарына өкүнгөнү дагы болду. Мүмкүн ичтери деле күйгөндүр. Мен болсо ичимден ыраазы болуп, кудуңдап олтурдум. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:


Келиним ооруп жатам десе ишенбей, боорсок бышыртканыма катуу өкүнөм

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Балдарды кургак учуктан сактоо үчүн жасалган БЦЖ эмдөөсү тууралуу 8 факт

Балдарды кургак учуктан сактоо үчүн жасалган БЦЖ эмдөөсү тууралуу 8 факт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.