AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

— Апа, мынча төшөктүн эмне кереги бар? 

— Сеп үчүн бул дагы аз кызым.

Ата-энем мени үйдөн узатышты. Туугандарды, кошуналарды, айтоор, эч кимисин калтырбай баарын чакырдык. Мал сойдук. Кенен кылып дасторкон жайдык. Тойдун шылтоосу менен үйүбүздү дагы оңдоп-түзөп алдык.

Кайын-журтум тараптан он беш адам келди. Баса, күйөөмдүн досторун кошкон жокмун. Бапырап эле жатып калдык.

Туулуп өскөн үйүмдөн узап баратып өпкөм өпкөмө батпай ыйладым. Ата-энеме эркелегеним, инилеримди жүдөткөнүм, күчүгүмө тамак бергеним, баары өз алдымдан өтүп жатты. Керебетим, шкафым, мамалагым, жуурканым, жаздыгым, китептерим, ушинтип эле кетип каламбы.

Күйөөм Нургазы аябай камкор. Жол бою соротуп, баары жакшы болоорун айтып, “сени сөзсүз бактылуу кылам”,-деп сөз берип келатты. Достору “үйлөнбөй жатып баш ийип калдың го”,-деп тамашалап жатышты.

Үйүнө келдик. Апамдар себимди дароо салып беришкен. Жаздык, төшөк, жууркандарды жана сандыкты бөлмөбүзгө киргиздик. Мебелдерди сыртка калтырдык. Ошентип, бир заматта келин болуп калдым.

Түн кирип калган. Коноктор четинен тарай баштады. Дааратканага барып келип сыртка чыгып кеткем. Кайра акырын кайтып келип, бөлмөмдүн эшигин ачсам, кайын энем себиме келген жууркан төшөктөрдү санап жатыптыр. Нес болуп калдым. Эмнегедир ичим муздай түштү. Бир мүнөттөй карап турдум. Кайра артка басып, жөтөлүмүш болуп келатканымды билдирдим.

Кирсем кайын энем көшөгүмдү түздөмүш этип калыптыр. “Даараткананы оңой эле таптыңбы?” – деп билмексен болуп сурады. “Жатагой, эс ал, эртең дагы коноктор келет”,-деп чыгып кетти.

Арадан эки ай өтсө да, бул окуяны унута албай койдум. Мага болгон мамилеси жылуу. Мен болсо өзүмдү зордоп жылуу жооп кайтарганга аракет кылам. Апамдарга, күйөөмө көргөндөрүмдү айткан жокмун.

Кайын энеме жалгандан эмес, чын дилимден мамиле жасагым келет. Бирок, эмнегедир ичимден муздаганы жылбай койду. Кеңешке муктажмын.

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Үлпөт тоюна даярдануу, кыз узатуу, той  — мунун бардыгы толкунданууну пайда кылуучу процес. Өзгөчө кыз киши абдан сезимтал болуп калат. Себеби, аны алдыда эмне күтүп жатканын билбейт.

Мен сизди түшүнүп турам, жаңы үй-бүлөгө, жаңы үйгө келдиңиз. Эч кимди жакшы таанып, биле элексиз. Азырынча өзүңүздү бул үйдө конок сезип жатасыз.

Кайын энеңиз сиздин септи санап жатканында эч кандай кылмыш жок. Бул катардагы аялдын кызыгуусу.

Сиз келгенге чейин анын өзүнүн оокаты, идиш-аягы, жууркан төшөгү болгон. Сиздин келишиңиз менен жаңы буюм, жаны эмеректер пайда болду. Аял заты үчүн тиричиликте колдоно турган оокаттар абдан кызык болот. Кайын энеңиз сиздин көзүңүзчө карап, санагандан тартынса керек. Ошондуктан сиз жокто кызыгуусун канаатандырып алды.

Ким болбосун бирөөнүн үйүнө барганда ал жактагы буюмдарга кызыгат, фото сүрөттөрдү көргүсү келет, бирок ээсинин көзүнчө тартынат. Сизидин абал да ушул сыяктуу.

Менин сизге бере турган кеңешим, кайын энеңиздин жылуу мамилесин сактап калууга аракет кылыңыз. Учурда экөөңөрдүн карым катнашыңардын пайдубалы түптөлүп жаткан кез. Ал пайдубал, бекем жана ишенимдүү болушуна сиз да салымыңызды кошуңуз.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Орус тилин үйрөнүү үчүн 5 веб-сервис

Орус тилин үйрөнүү үчүн 5 веб-сервис

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.