// //

Эмнеге күйөөм төрөтканадан чыгарарда гүлү жок келгенин айтып ыйлатты

2023.07.20, 11:11
4722

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Бышылдап уктап жатат. Мурду топчудай. Кулагы кудум күйөөмдүкүндөй. Көзүн качан ачат деп мен күтүп отурам. Медайым "уктаңыз" деп коет. А мен суктангым келет.

Тун балабыз. Күйөөм бир үйдүн жалгыз баласы. Мен дагы жалгыз кызмын. Ата-энелерибиз чыдамсыздык менен күткөн небере. Көп балалуу болгубуз келет. Буйруса тилегибиз орундалса экен.

Бүгүн күйөөм алып кетет. Эртең ата-энебизге жөнөйбүз. Жардам беребиз дешкен. Жардам берген адам болсо кандай сонун. Кайын энем көзүмдү карап турат. Орус мүнөз "я сама, кызым" деп жумуш жасатпайт. 

Медайым жетелеп чыкты. Күйөөм өзү эле турат. Биринчи баласы. Гүл алып алса болбойт беле? Бултуңдадым. Дароо маанайым түшүп калды. Балким, ошо да маанилүү дешиңер мүмкүн. Мен үчүн маанилүү. Майда нерсе көңүл көтөрөт.

Баланы колуна алды. Унчуккан жокмун. Машинага отуруп жатсак, бир карыган эне басып келип, күйөөмө "рахмат, балам" деп батасын берип кетти. Ким деп сурадым.

"Сени скамейкада күтүп турсам, бул апа келип жаныма отуруп калды. Сүйлөшө кеттик. Кызын чыгарганы алыстан айылдан келиптир. Күйөө баласы төрт ай мурун өтүп кетиптир. Элдердин гүл алып келатканын көрүп, тыйындарын эсептеп калды. Байкасам, жетпейт өңдүү. Оор үшкүрүп койду. Жөн карап тура албадым. Жупуну кийинген апада толтура мээрим бар эле. Кызынын абалын жакшы түшүнүп турдум. Сага деп алган гүлдү кармата салдым. Сени кур кол тосуп алгым келген эмес, билем капа болдуң, сага толтура гүл берсем да, бүгүнкү учурду колдон чыгардым. Бирок, сен мени түшүнөсуң, апага жакшылык кылгым келди. Сүйүнгөнүн көрсөң, жаным, аябай сүйүндү."

Айтып бергиче ыйлап уктум. Бактылуу экенимди ошондо билдим. Кудай күйөөмө узак өмүр берсин. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт