// //

Көлгө келген сайын аялыма кылган жамандыкты эстейм

2023.07.05, 11:46
13908

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ушундай мүмкүнчүлүк үчүн силерге рахмат айткым келет. Баракка түшүрө албаган ойлорумду силер менен бөлүшкүм келди. Баары буйрук дешет, балким, буйруктур. Бирок мен өзүмдү өмүр бою күнөөлүү сезип өтөм. Силерге баянымды айтып берип жеңилдеп алгым келди. 

Мен катардагы эле күйөө болчум. Аялды эркелетүү, кучактоо, белек берүү деген нерсени шылдың катары көрчүмүн. Атүгүл сезимдеримди ачык бөлүшкүм келген эмес. Муздак элем. Каардуу элем. Досторум да өзүмдөй. Аялыбызды теңибизге алчу эмеспиз.

Сөгүнөбүз, ичебиз, жолдо баратп семичка чагабыз, кальян, арак-шарап, пиво ж.б. Колубузда балдарыбыз эмес, ушул нерселер эле. Сүйлөшкөнүбүз ыплас нерселер, машина, футбол ж.б. 

Балага, аялга да убакыт бөлүү дегенди билчү эмесмин. Аялым сүйлөсө, даттанса ызырынып сөгөт элем. Үйгө барсам жатам, болду. Уялам.

Достор менен көлгө кетип калгам. Келинчегим чалды. Уруш чыгарды. Азыр аны түшүнөм. "Балдар чогуу барабыз деп күтүп жатышкан. Эмнеге айтпай кетесиң! Эмнеге үй-бүлөңдү карабайсың! Сага баары бир!" Бакырып ушуртук. Акыры ал түндө жолго чыкмай болду. "Кел!" деп бакырдым. Милдет кылдым.

Таң атты. Чалган жок. Ичим бир нерсе болуп чыкты.

Авария.

Эки балам аман экен. Кан болуп жаткандарын көрүп эсим чыгып кетейин деди. Тирүү. Эң башкысы тирүү экен. Апасы кайда?

Муздак колун кармаган боюнча кала бердим. 

Түндө жолго чык деген мен. Сыйлабаган мен. Уруш чыгарган мен. Кайдыгер мен. 

Балдарым үчүн жашап жүрөм. Алар менен жаңыдан таанышып жатам. Мага экөө тең капа. Күнөөлүүмүн. Бардык кыялдарына чыдайм. Ачуу сөздөрүнө чыдайм. Эми мен жанында болом. Жанында болом. Аларды таштабайм. 

Атаңарды кечиргиле. Билем, мени апаңардай жакшы көрө албайсыңар. Билем, таарынычыңар өмүр бою калат. Мени кечиргиле. 

Алтыным, кечир. Мен сени сүй.......

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт