"Тазамын" деген сөзүнө ишенбей кетирген аялыман кечирим сурагым келет
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
“Эркек башың менен сырыңды элге жарыялайсыңбы”, “ырас болот”, “сендей да эркек болобу” деген сыяктуу комментарийлер келип түшөөрүнө көзүм жетип эле турат. Бирок жаш туруп башымдан өткөргөн бул окуямды силер менен бөлүшкүм келди. Атымды өзгөртүп, каталарымды оңдоп, окуянын жүрүшүн көзөмөлдөп койсоңор болот.
Үйдүн кичүү эрке баласымын. Ата-энем эч нерседен кем кылбай, айтканымды аткарып чоңойтту. Каалаганымды кием, каалаганымды жейм дегендей.
11-класста окуп жатканда классыбызга Аида которулуп келди. Чачы узун, ак жумал, назик, созолонгон кыз. Колуң катуураак тийип кетсе уйпаланып кетчүдөй сезилет. Сабакка кечикпей келет, тапшырманын баарын аткарат. Бат эле эжейлердин сүймөнчүгүнө айланды. Эң кызыгы эч кимибиз менен жакын мамиле куруп сүйлөшпөйт. Сабакка келгенде “баарыңа салам”, кетип жатканда “баарыңар жакшы калгыла” деп эле коет.
9-класстагы сүйлөшүп жүргөн кызыма жакпай калгандыгын айтып мамилени токтоттум. Анткени баары ашык болуп жаткан Аиданы өзүмдүк кылгым келди. Ал сөз айткан балдарга макул болгон жок. Өзүмдү кыйын сезип, авторитететиме ишенип, кыз-жигит болуп алуу сунушун киргиздим. “Мен бул жака жигит издеп келген эмесмин, мага жигиттин кереги жок, болгондо да сендей” деген жооп алдым. Аябай ызырындым, балдардын арасында шагым сынып, уят болдум.
Ошондон кийин Аидадан өч алгым келип туруп алды. Алдыман чыкса жөөлөп, жол бошотпойм, ар кандай каймана аттарды коюп шылдыңдайм. Аныма дагы кайыл болдубу билбейм, чыдап эле жүрө берди. Менде болсо ага болгон сүйүү сезими ойгонду. Бир күнү класска кирсем Аида ыйлап олтуруптур:
- Сен да ыйлайсыңбы? Сага не болду?
- …
- Эми айтсаң? Бирөө бир нерсе дедиби?
- Балдар да ушак айтып, жалаа жабабы эмне?
- Ким эмне деди айтчы бол. Чыдамым кетип баратат.
Көрсө Аидага жетпей калган “В” класстагы бир бала “мен Аида менен жаткам” деген ушак таратып жибериптир. Ал бала менен эркекче сүйлөшүп, кечирим сураттым. Ошондон кийин жакшы тил табышып, жакындан сүйлөшүп калдык.
Окуу жылы аяктаганда Аиданы ала качып алдым. Алтыным аябай ыйлады, мага таарынды, сүйлөбөй койду. Ата-энеси дагы алып кетебиз деген жок. Мага жакындабай жүрүп бир жарым ай дегенде бир төшөккө жаттык. Андан кан чыккан жок. Мектептеги ушак эсиме түштү. Азыркы акылым ошондо болгондо Аиданы кор кылбай, бапестеп багып алмакмын.
“Сен таза эмессиң”, “сен мени алдадың”, “сен башкалар менен жатып жүргөнсүң”, “шаарда жөн жүргөн жоксуңда” деген сөздөрдү күндө айта бердим. Ал “мен тазамын” дегенден башка сөз айтпайт. Айылда калган досторума кошулуп алып ичем. Аидага тынчтык бербейм, кулак мээсин жейм, кол көтөрөм. Чыдады...
Ортодон жарым жыл өткөндө кетип калды. Издеп барган жокмун. Досторум “оой, андан башка кыз калбай калыптырбы, башкасын алып ал” деп көкүтүштү. Ата-энемдин, улуу эжелеримдин “келинчегиңден кечирим сурап алып кел” деген сөзүн укпай шаарга кетип калдым.
Убакыт өттү. Окуу жайды аяктадым, жакшы жумушка орноштум. Бир баланын атасы болдум. Жубайым менен бала үчүн эле жашап жүргөндөймүн. Ал мени сүйүп, жалооруп турса да, оюман Аида кетпейт. Кайда барбайын анын элесин издейм. Кетирген катам үчүн өкүнөм.
Ошондо жыныстык катнашка туура барса кан чыкпай тургандыгын билгенде, жашоодо эң башкы максат ал эмес экенин сезгенде, Аиданын сөзүнө ишенгенде бул кусалык, өкүнүү, өзүн-өзү жеп жашоо болбойт эле.
Аиданы таап кечирим сурагым келет.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым
Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым
Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр
Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү