// //

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

2022.01.17, 15:49
54293

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Бул кызга эмне болгон? Менден качып эле калыптыр. Мурдагыдай тынчымды дагы албайт. Жеңелеп жардам берет. Жанымдан чыкпай үй-бүлөмдү сурайт. Точно, бир нерсе болду. 

Жигитим экөөбүз эки жыл сүйлөштүк. Күзүндө баш коштук. Кыялымдагы той болду. Жигитим кудум мен каалаган көйнөктү сатып берди. Мен башында прокатка эле алам дегем. "Кийин келинибиз же кызыбыз" киет деп болбой койду. Азыр ал көйнөктү бапестеп сактап койдум.

Эки кайним жана бир кайын сиңдим бар. Кайын сиңдим студент. Кыялы бар эрке кыз. Башында менден байкесин, апасын кызганып жүрдү. Менин көзүмчө эле баарыңар эле "Алтынай деп калыпсыңар" деп бултуйган. Баарыбыз күлүп жиберсек бөлмөсүнө кирип чыкпай жатып алган.

Кайын энем сонун киши. Кайын атам экөөнө сөз жок. Жазында бөлүнөбүз. Жаңы салып жаткан үйүбүзгө көп жардам берип жатышат. "Улам бизди көрө берсеңер тажап жаман көрүп каласыңар, тезирээк бөлүнүп кеткиле" деп күлдүрүшөт. А мен бөлүнгүм келбейт. Анткени сонун үй-бүлөдө жашап жатам. 

- Жеңе, мен бүгүн тамак жасайын э.

- Макул.

- Сиздердин үй-бүлөдө эмне тамак жакшы көрүшөт?

- Атам камыр, апам шорполорду жактырат. 

- Анда мага манты жасаганды көрсөтүп бериңизчи. 

Кеп эмнеде экенин кийин билдим. Жумуштан чыгып алып келаткам. Инимдин машинасы биздин көчөдө токтоп турат. Ичинен кайын сиңдим чыгып, кол булгалап кирип кетти. Иним мени көрбөдү окшойт. Түз айдаган боюнча өтүп кетти. Боорум эзилгенче күлдүм. Кеп ушунда турбайбы.

Күлкүмдү тыя албай үйгө кирип келдим. Кайын сиңдим эч нерсе болбогондой жеңелеп тосуп чыкты. Анан колумдагы сумкамды ага берип, "ий келиним, чай даярбы" дедим. Кызарып чыкты. 

Экөө бир айдан бери сүйлөшүп жүрүшүптүр. Апам баягыда чалганда "иниң гулдөрүмдү үзүп жок кылмай болду, кыз тапкан окшойт" деп айткан. Көрсө экөө жүрүп жаткан турбайбы. Эми бул кызды тамашалап шайын кетирейин.

"Жеңе, байкеме айтпай туруңуз э" деп суранды. Мен эмнеге айтмак элем, өзү айтат. Азыр экөөбүз күн сайын отуруп алып сүйлөшөбүз. Ал иним жөнүндө сурайт. Мен зерикпей айтып берем. Ал болсо мага байкесинин сырларын ачып берет. Команда болуп алдык. Эрке кайын сиңдим сонун эле кыз экен.

Ошондой достор, эрке кайын сиңдим мага кыялын көрсөтчү эле, эми минтип колума түштү. Сүйүү деген жаман да (күлүп). 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт