// //

Күйөөмдүн бир сөзүнөн кийин кайын эжелерим мага сүйлөбөй калды

2023.06.05, 17:16
13743

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жумуштан үйгө келсем эшиктин алдында толтура бут кийимдер. Конок деле чакырган эмес элек, булар ким болуп кетти экен дедим. Кирсем, мени жактырбаган адамдардын баары төрүмдө отурат. Алар - кайын журтум эле. 

Күйөөм экөөбүз баш кошкондон бери менин кулак-мээм тынчый элек. Үй-бүлөсү мени такыр жактырбай коюшту. Жаңы келин болуп келип, көшөгөдө отурсам, "биз башкасын алып бермекпиз, сүйөм деп туруп албадыбы" деп бетиме эле айтышкан. Кайын энем, кайын эжелерим, баары бир команда болуп, мага атака салышат. 

Башында жагайын деп канча аракет кылдым дейсиңер. Алардын көңүлү менен болсом дагы, такыр мени кабыл албай коюшту. Турмушубузга кийлигишип, менин көзүмчө эле күйөөмө башка аял алуусун айтып жатышты. Мен деле жарылдым. Көп ооруй баштачу болдум. Мурда күйөөмдү жаркылдап тосуп алсам, азыр ыйлап отурган болом.

- Бүгүн ким келип ыйлатты?

- Улуу кайын эжем.

- Эмне деди?

- Баягы эле сөздөр. Мен чыдай албай калдым.

Күйөөм унчукпай угуп отурду. Анан барып жатып алды. 

Мени көрүп күйөөм ордуман тура калды. Залдын так ортосуна алып келип, колумду кармады дагы, отурган кайын-журтума кайрылды.

"Болду, ушул күндөн баштап менин үй-бүлөмө аралашпагыла. Өз жашооңор менен жашагыла. Мурдуңарды тыкпагыла. Мен чакырсам конокко келип, сыйымды көрүп кеткиле, болбосо келбегиле. Келиниңердин кызмат кылганы жакпаса, башка жакканын өзүңөр алып алгыла. Мен муну сүйүп үйлөндүм. Менин тандоом ушул. Башкасынын кереги жок. Оюмду өзгөртпөйм. Атасына бактылуу кылам деп сөз бергем. Жалгыз иниңердин турмушун бузуп эмне табасыңар? Силер үчүн аялымдын алдында уялам. Муну түшүнбөсөңөр, төрт тарабыңар ачык. Болду, жетишет. Дагы бир жолу аялымды ыйлатып, турмушубузду татаалдатып көргүлө! Тынч жашагым келет. Дагы кайталайм, менин үй-бүлөм, бул менин үй-бүлөм!"

Катуу бакырып жатты. Эч ким унчукпай отурду. Күйөөмдүн сүрү башка эле. Унчукпай, "болду, болду" деген боюнча чыгып кетишти. Мен шок болуп туруп калдым. 

Ошол күндөн бери жашообуз оңолду. Мурдагы кайын эжемдер жок. "Жакуля" дешип калышкан. Үйгө конокко эле келишет. Унчукпай берген чайымды ичип кетип калышат. Кайын энем дагы, таптакыр башка адамга айланды. Мээм тынчып, жыргап эле калдым. 

Баары үчүн күйөөмө рахмат. Мен ыйлабай калдым. Анын өктөм сүйлөгөнү, үй-бүлөсүнө эч кимди аралаштырбаганы, мага кам көргөнү ага болгон сүйүүмдү күчөттү. Азыр турмушубузга эч ким аралашпайт. Күйүүмдүү күйөөм, сени сүйөм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт