// //

Күйөөмдүн мен билбеген беш баласы үйгө келип мени шок кылышты

2023.05.30, 18:53
6848

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Саламатсызбы.

- Саламатчылык. Келгиле. Ким керек?

- К... К...вич ушул үйдө жашайбы?

- Ооба. Силер кимсиңер?

- Балдары болобуз эже.

- Эмне?

Беш жигит мени карап турду. Мен аларды карап турдум. Күйөөм чыкты. Бешөө "Ата!" деп келип чуркап кучакташты. Мен нес болуп тура бердим. Кандайча? Ошондо мен күйөөмдүн жалгызы эмесминби? Менден жашырган никеси, балдары барбы?

Күйөөм балдарды үйгө чакырды. Мен унчукпадым. Чай коюп, дасторкон жайдык. Күйөөм сүйүнгөнүнөн өзү чуркап, столдун үстүн толтуруп кирди. Балдары ала келген таттууларды жайнатып, алар менен сүйлөшүп баштады. Мени унутуп деле койду.

Бир маалда ээсине келгем окшойт. Мени күлүп карады. "Бул апаңар" деп тааныштырды. Бешөө чурулдап учураша калышты. Баш ийкедим. Жылмая албадым, анткени мен дале шок элем. 

Бир жылдары көп командировкага каттап калган. Жумуш жок болчу. Сыртка чыгып иштеп келчү. Жаман оюмда, ошол жактан бирөө менен таанышкан дедим. Бирок, жетөө улуу көрүнөт. Ошондо, өтө жаш кезинде бир үйлөнгөнбү?

Күйөөм экөөбүз отуздан ашканда баш кошконубуз. Экөөбүз тең билим деп жүрүп, жеке жашообузду унутуп койгондордонбуз. Бирибизди тапканыбызга сүйүнөбүз. Анткени, бири-бирибизди бир сөздөн түшүнөбүз. Жолукканда эле, көптөн күткөн мырзам ошол экенин түшүнгөм. Бирок, беш баласы бар экенин билбегем. Ошондо мени алдап келгенби?

- Балдарым десем чочуп кеттиңби?

- Ооба, эки балабызди эптей албай жатканда, үстүнө бешөө кошула калса шок болдум.

- Мен балдар үйундө кароолчу болуп иштегем. Булар ошол жактан келишти. Азыр шаарда турушат. Шаарга кеткенден бери кабарлары жок болуп кеткен. Андан кийин мен көчүп кеттим. Бешөөнө көп эле жолу жардам берип жүрдүм. Мени "ата" деп алышкан. Буйруса тойго барабыз. Улуусу үйлөнгөнү жатыптыр. Экөөбүздү ата-энеси катары чакырып келишиптир.

- Анан ошону дароо айтсаң болбойбу?

Бурк эттим. Ичимен сүйүндүм. Күйөөм өзүнө тартып, бетимден өөп койду. Ал күнү бешөө биздикине жатып калды. Тамак жасадык. Өткөндү эстеп отурдук. Эки карындашы менен таанышышты. Буйруса келип турарын айтышып, эртең менен жолго чыгып кетишти.

Күйөөмдүн жүрөгү чоң экенин билгем. Бирок, мынчалык чоң деп элестеткен эмесмин.  Бешөөнү такси байкеге дайындап, жол киресине чейин берип узатты. Мен аны менен сыймыктана, күлүп карап турдум. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт