// //

Башкалардын аялына суктанганым үчүн катуу өкүнөм

2023.04.18, 16:55
2676

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ар кимдин аялына суктанып жүрүп, мөлтүрөгөн келинчегимден ажырадым. Татыктуумун. Күнөөлүмүн. Мойнума алам. Иттик менден кетти. 

Айжамалдын артынан эки жыл чуркадым. Араң жеттим эле. Эх, акмактык кылдым. Үйүнөн алып кеткени барганда, кошуналары, туугандары, “сонун кызды жубайлыкка алдың, бактыңды бекем карма”, - дешкен. Бул сөздүн баркын эми түшүндүм.

- Бул адатыңды качан токтотосуң?

- Эмнени?

- Нурадил, билмексен болбочу?

- Бир карап койдум, анын эмнеси бар экен.

- Менин кандай абалда калтырып жатканыңды...

- Токтотчу, берчү чайыңды жөн берчи!

Айжамалым. Чачы узун, кашы-көзү кара, жүрөгү ак, колу жумшак, айтоор периштенин өзү. Мага эмне жетпеди? Балким, кайталанма күндөр тажатты. Жок, актанып жатам. Баарына өзүм күнөөлүмүн. Келинчегим ар бир күндү өзгөчө кылууга аракет жасады. Көөп кеттим. Баркына жетпедим. 

Башынан эле досторумдан биринчи болгум келчү. Акыркы маркадагы машина айдайм. Айфон көтөрөм. Жаңысы чыккан сайын алмаштырам. Кычырап кийинем. Заңгыратып үй салдым. Баары суктанып турушчу. Мага дале бир нерсе жетпей жатты.

Алдыман бирөөнүн аялы өтсө, келинчегимдин көзүнчө эле көз салып, мыйыгыман жылмайып күлүп отура берчүмүн. Баарын байкап турчу. Акыркы күндөрү унчукпай калган.

- Айжамал, галстугум кана?

- Шкафта, экинчи полкада.

- ...

- Кайда баратасың?

- Достор менен кафеге.

- Качан келесиң?

- Эмне отчет алып жатасың?

Унчукпай басып кетти. Отчет албай эле, кабатыр болуп жатканын кайдан билдим. "Кеч келем, камсанабай уктай бер",- деп, бетинен өөп койсом болот эле го. Барба деп жолумду тоскон жок, туурабы? Тандоо өзүбүздө. Же адам, же акмак болобуз. Мен аңдабастан экинчисин тандадым. 

Айжамал кеткенден кийин баары өзгөрдү. Үй муздак. Алдыман тосуп чыкчу киши жок. Кабатыр болуп эч ким чалбайт. Бир жаздыкты кучактап жалгыз жатам. Заңгыраган үйүмдүн көркү келинчегим болчу экен.

Жубайымдын мүнөзүн жакшы билем. Келбейт. Анткени мен сөзүмө турган жокмун. Мыкты күйөө боло албадым. 

Эркектер! Менин катамды кайталабагыла! Аял алгандан кийин жоопкерчиликтүү болгула. Көңүлүн оорутпай, жылуу сөзүңөрдү аябагыла. Көрөсүңөр, бул аракетиңердин акыбети эки эселеп кайтып келет. Чыныгы эркектин аялы бактылуу болот. Силер чыныгы эркексиңерби? 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт