Жалгыздык жаныма батты
Эчкимди жактырбайм! Эч кимге ишенбейм! Эч кимге сүйөнө албайм! Кантип бирөөгө көңүл койсом болот? Эмне кылаарымды билбейм.
Бермет Наралиева
психолог
Сенин эч кимди жактырбай, ишенбей, сүйөнө албаганың, эч кимге көңүл коюп жактыра билбегениң - сенин жалгыз экениңдин белгиси. Суроо боюнча сени бул абал канааттандырбай эмне кыларыңды билбей жол издеп жатасың.
Жол издеп өзгөрүүгө аракет жасаганың бул жакшы касиет. Эгерде бирөөлөрдү жактырып, башка бирөөлөргө ишеним менен жашаганды, дос күткөндү чындап кааласаң анын баарын иш жүзүнө ашырса болот. Ал үчүн сен бул маселелердин чоо-жайын түшүнүү менен эмне үчүн жалгыз экениңди билүү абзел.
Жалгыздык маселесине ой жүгүртүп көрөлүчү:
Сен жалгыз болбоо үчүн, тегерегиңдегилерге сын көз менен карап, алардын кемчиликтерин санап, ал кемчиликтерге асылып өзүңө, айланаңдагыларга жогорку талап койбогонуң оң. Бул жашоодо идеалдуу адам жокко эсе, сенин өзүңдө да толтура кемчилик бар болушу мүмкүн. Өзүңдүн кемчиликтериңди элес албай башка бирөөлөрдүн кемчилигине асылып олтуруп калуу жалгыздыкка алып келет. Андан көрө өз кемчиликтериңди аңдап маселенин чоо-жайын өзүңдөн издеп баштаганың өзгөрүүгө болгон чоң аракет, көйгөйлөрдөн арылууга багыт алган кадамың деп түшүнсө болот.
Кеңеш: Өзүңдү өстүрүү, пикир алышууну түшүнүп туура жолго салуу, талаш-тартыштарды адекваттуу кабыл алып, туура чечүү маселелерине көңүл бөлүү керек. Чөйрөңдү кеңейт, кызыгууларды көбөйт, пикир алышуу маселелери боюнча ондогон китептер бар ошол китептерден көп оку. Кыял жоругуңду, мүнөзүңдү оңдо. Заман талабына жараша өзгөрүүгө аракет жасап айлана чөйрөдөгүлөргө кызыгууну туудурууга аракет жаса. Көп китеп оку, көптөгөн тажрыйба топто, чөйрөнү кеңейтип өзгөрүүгө багыт ал. Бул маселелерди жалгыз өзүң чечүүгө мүмкүн эмес болсо психологдун консультациясына кайрыл!