2023-жылы саякатка чыгам дегендер үчүн арзан өлкөлөр
2023-жылы саякатка чыгууну чечтиңиз, бирок бюджетиңиз ченелүү гана дейли. Капа болбоңуз, бүгүн биз саякат үчүн көп акча кетпеген өлкөлөр жөнүндө айтып беребиз. Балким, бирөөсү сиз баргыңыз келип жүргөн болуп калат.
Грузия
Чу, дегенде эле ушул өлкөдөн баштайлы. Грузия кооз табияты, эски шаарлары гана эмес, тамактары менен дагы популярдуу. Хинкали, харчо, виносу, айтор, көз гана эмес, курсак дагы тоет. Бул өлкөгө арзан билеттерди, турларды оңой эле тапса болот. 1 грузин лариси, биздин акча менен 30 сомдун тегери болот.
Араб Эмираттары
Эми бул өлкөнү айтпасак деле билсеңиз керек. Азыр Дубайга барам дегендер үчүн толтура арзан турлар бар. Алдын ала алып койсоңуз, андан дагы арзанга түшөсүз. Шаар кымбат деп айтышат, бирок жакшылап кыдырсаыз, бюджеттүү нерселерди дагы тапса болот.
Вьетнам
Бул өлкөгө жазда же күзүндө барсаңыз болот. Карантинден кийин ачылгандан кийин баалар бир топ төмөндөгөн. Деңиз жандыктардан болбогон эле акчага татып көрө аласыз. Шаардагы жашоо дагы арзан. Жетип алсаңыз, бюджеттүү турлар өзү эле табылат.
Венгрия
Венгрия ушундай кооз жана көп акча талап кылбаган өлкө. Жаңы өлкө менен таанышып гана тим болбостон, үйүңүзгө кооз сувенирлерди алганда дагы акчаңыз артат. Эч кабатыр болбой, уча бериңиз.
Быйыл кайсы өлкөгө барайын деген планыңыз бар эле, комментарийге жазыңыз.