Жаңы жылдык каникулда жөн отурбай, бул нерселер менен алектениңиз
Салам, достор! Жумуштун же окуунун башталышына аз эле калды. Жаңы жылдык каникул пайдалуу өтсүн десеңиз, анда салат жеп же сериал көрүп отура бербестен, жаңы хоббилер менен алектенип көрүңүз. Балким, кийин бирөөсү жагып кетип, хобби гана эмес, кошумча киреше булагына айланат.
Сүрөт тартуу
Ооба, сүрөт тартуу. Тарталбайм деп ойлобоңуз, болгону сиз өзүңүздүн багытты таба элексиз. Жөн гана аракет кылып көрүңүз. Ютубка же Тик Токко кирсеңиз, толтура бекер сабактар бар. Ал жерден эскиз жасагандан баштап, толук бир картина жарата аласыз. Балким, Пикассодон ашып кетесиз, ким билет, туурабы?
Чана тебиңиз
Чоңоюп калганыңыз буга шылтоо болбойт. Көчөгө чыгып чана тебиңиз. Чана тээп жүргөн балдар менен ойноңуз. Жеңил болуңуз. Кыш деле ортолоп калды. Кийин карыганда эстей турган жоруктарды жасаңыз. Эл эч нерсе дебейт.
Тамак жасоо
Муздаткычыңызды ачыңыз. Эмне бар көз жүгүртүңүз. Башында жеңил тамактардан баштасаңыз болот. Печенье жакшы тандоо болуп берип алат. "Билбейм" деген шылтоо кабыл алынбайт. Өз колуңуз менен жасалган тамак менен сериал көргөн алда канча кызыктуу болорун унутпаңыз.
Сүрөт тартуу
Эми сүрөттү колго эмес, телефонго тартыңыз. Сыртка чыгыңыз, өзгөчө нерселерди издеңиз. Же туугандарыңызга жаңы образ ойлоп таап сүрөткө тартыңыз. Инстаграмдан жаңы баракча ачып, тарткан сүрөттөрүңүздү ошол жерге жүктөңүз. Балким, өз аудиториясын таап калар.
Сизге кайсы бири жакты?