Бул фильм менен мультикти көргөндөн кийин түндө уктай албай каласыз
Октябрдын аягы - үрөй учурган жана коркунучтуу мультфильмдер менен фильмдерди көрүү үчүн эң сонун убакыт. Сактап алыңыз дагы, түндө жакшы компания менен көрүп, кошуналарга уйку бербей бакырыңыз. Комментарийге өзүңүз көргөн ужастиктерди сунуштай дагы кетсеңиз болот.
"Каспер"
Абдан боорукер арбак жөнүндө фильм. Ал көрүмчүлөргө толгон үйдө жашаган кичинекей кыз менен анын атасына жардам берет. Кызыктуу фильмди көрүп бүтүп, дааратканага жалгыз бара алабй каласыз.
"Коралина в стране кошмаров"
Кичинекей Коралина деген кыз, эшиктин артындагы сырдуу дүйнөгө түшүп калат. Эми ал ата-энесин сактоо үчүн тиги дүйнөдөн чыгуу жолдорун табышы керек. Колунан келеби же жокпу, мультфильмден билесиз.
"Эдвард руки ножницы"
Жалгыз жашаган окумуштуу - колдору кайчы болгон өзгөчө жандыкты жаратат. Ал жандык бир сулуу кызды сүйүп калат. Бул кайгылуу окуянын аягы бардык көрүүчүлөрдү ыйлатат. Көз аарчы менен көрүңүз.
"Кошмар перед рождеством"
Желмогуздардын падышасы Сантаны уурдап кетет. Анын максаты, көпчүлүк сүйгөн Клаустун ордун ээлөө. Ою оңунан чыгабы же жокпу, мюзиклден көрөсүз.
Сизде кандай коркунучтуу окуя бар?