Өзгөчөлүгүңөрдү тапкыла! “Кыргызстан сулуусу-2022” Диамиден кеңеш
Салам достор! “Кыргызстан сулуусу-2022” Диами Алмазбекова модель болгусу келген окурмандарга өз кеңештери менен бөлүшүп кетти. Эгер подиумда басуу кыялыңызда болсо, анда кептерине кулак салыңыз.
Өзүңөргө ишенгиле
Мурда "модель" деген сөздү көбү түшүнүшпөйт эле. Муну уккан көпчүлүктүн оюна жаман нерселер келчү. Мен жаңыдан баштаганда дагы, артыман көп жаман сөздөр айтылды. Кыздарга кеңешим, эч качан бирөөлөрдү укпагыла. Эң негизгиси өзүңөргө ишенсеңер, өзүңөрдү жакшы билсеңер болду. Ооба, башкалар силер тууралуу түркүн ойлорду ойлошу мүмкүн, башкысы өзүңөрдүн алдыңарда таза болгонуңар маанилүү.
Максат койгула
Максат коюп, аны ишке ашыргыла. Бул модель болуу үчүн гана эмес, бардык тармактарга тиешелүү. Мисалы, дарыгер болгуңар келет дейли. Бирок, жакындарыңар же тааныштарыңар колдобой, бул кесипти жактырбашы мүмкүн. Биринчи кезекте силерге жагыш керек. Жүрөгүңөрдү уккула, ошондо бактылуу болосуңар.
Аракет кылгыла
"Модель болуп эмне кыласың", "жаман жумуш", "көп акча таппайсың" ж.б. деген толтура кептерди уктум. Биздин коомдо бул нерсени жакшы түшунбөгөндөр толтура. Эгер өзүңдү чынында бул тармактан көрсөң, анда аракет кыла бер. Кыялыңа сөзсүз жетесиң.
Өзгөчөлүгүңөрдү тапкыла
Азыр табигый сулуулук бааланат. Калп айтканды жактырбайм. Мен деле косметологдун кызматын колдонгом. Бирок, чет өлкөлөрдө карьера жасайм десеңер, табигый сулуулукка басым жасагыла. Ашыкча косметологиялык кызматар терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ар бир адам уникалдуу. Өзгөчөлүгүңөрдү тапкыла.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш
Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди
Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш