// //

Өзүңөргө ишенгиле, жолуңарды тоспогула. Беназир Баялиевадан кеңеш

2022.08.08, 12:33
1794

Салам достор! Америкада жашап жана IT тармагында ийгиликтерди багынтып келаткан мекендешибиз Беназир Баялиева түз эфирибизде конокто болуп, окурмандар суроолоруна жооп берди. Эфирдин урунтуу учурлары төмөндө, эфир өзү бул жерде.

- Бүт жумуштан, ошол эле IT тармагынан деле тажайсың. Бир нерсени эле жасай берсең, рутинага кирип кетесиң. Ошон үчүн бул тармакка киргенден кийин ар дайым изденип, өзүңдү өнүктүрүп, карьералык жактан өсүш жасап турушуң керек. 

- Програмистке окуш үчүн акылдуу болуп жана математиканы билиш керек деп ойлогом. Өзүмө ишенчү эмесмин. Бирок, жаңылыпмын. Бул тармакты өздөштүруү оңой эле экен. Логикаңар иштесе, базалык маселелерди чече алсаңар, бул тармакта иштеп кете аласыңар.

- Курстун эмнеси жакшы? Ал жумушка керек болгон маалыматтарды гана берет, ашыкча нерсе жок. Ал эми университет 4-5 жыл фундаменталдык билимди беришет. Баштапкы 1-2 жылда кереги жок маалыматты деле окуйсуң. Менин кеңешим, мектепти жаңыдан бүтүп жатсаңар жогорку окуу жайды тандасаңар болот, баары бир университеттин билими бааланат. Ал эми 30-40 жашка чыгып калсаңар, же бир тармактан экинчи тармакка өтүп жатсаңар курсту эле тандагыла, убакытты коротуп кереги жок. 

- Көп убакыт бир жерде отура албасаңар, фокусту бир эле нерсеге кое албасаңар бул тармакка келбей эле койгула. Анткени, жакпай, кыйналып иштей албай, бактысыз болосуңар. 

- Сөзсүз эле IT тармагына өтүүнүн зарылчылыгы жок. Эң негизгиси өзүңүзгө жаккан, ырахат тартуулаган жумушту жасаңыз. Жасаган жумушуңар силерге жагышы керек. Акчасына карасаңар, ал жумушту жакшы жасабайсыңар, карьералык өсүш болбойт, стресс боло берип жашооңордун башка тармагы калып калат. 

- Өзүңөргө ишенгиле, жолуңарды тоспогула. Бирөөдөн мотивация күтпөгүлө. Өзүңөр аракет жасагыла. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт