// //

Кредитке алган үрөнүнөн үмүтү чоң дыйкандын ийгилик сыры

2022.07.28, 10:30
953

Нарын жергесинде жаз кеч келип, айдоо-себүү да кеч башталат. Андыктан, ишти убагында бүтүрүп алуу нарындыктар үчүн өтө маанилүү.

Нарын районунун Эчки-Башы айылынын тургуну Майрамбек Касымалиев дал ошол максат менен айылдаштарынын жерин айдап берип жаткан экен. Ал Он-Арча айыл аймагы жана коңшу айыл аймагына караган бардыгы 4 айылдын жерин айдап берип үлгүрүшү керек.

Бул тракторун Майрамбек "Айыл Банк" ААКсынан лизингге алганына бир топ жыл болду. Андан бери техника өзүн актап, кошумча пайда алып келип, эл керегине да жарап жатат. Фермер бир нече жылдан бери айыл чарба техникаларын топтоп, айдоо аянттарын кеңейтип, мал- жанынын башын көбөйтүп алган.

"Техниканы "Айыл Банктан" лизингге алганда, бул трактор мага 700 миң сомго турган. 8 жылга алгам, буюрса насыямды жаап бүтүрдүм. Үстүнө болгону 160 миң сомго чукул каражатты кошуп бердим, мен үчүн ыңгайлуу болду. Азыр бул трактордун баасы кеминде 2 млн сом болгонун айтып жатышат. Муну менен айылдын жерин айдап, өз үлүшүмдү да убагында тейлеп алам. Үч баламды ушунтип эле багып келе жатам. Алгандан кийин техниканы иштетиш керек, антпесе болбойт.

Мына, азыр айдаган жерим айылдашым Арзыматтын жери. Жаан жаагандыктан аябай жакшы болуп жатат, 90% эгини чыгып берсе сонун болот. Акырындык менен эмгек кыла берсең эле ырыскы-береке деле келе берет экен. Башкысы каалоо жана талыкпаган эмгек. Айыл жергесинде кредит жакшы колдоо болуп жатпайбы. Той-топурларга жумшабай, жакшы максат коюп алсаң ишиңе жарап берет. Быйыл айылдаштар болуп жакшы сорттогу буудай, арпа алдык. Эми сонун түшүм болот деп күтүп турабыз. Ага чейин айылдан айыл кыдырып, үрөн издеп кыйналып жүрчүбүз. Быйыл Орусиядан жакшы үрөн алып келип беришти. Эми аны өзүм көбөйтүп алам."

27 жылдан бери талыкпай талаачылык, мал-жандык менен алектенип, ийгилик жаратып келе жаткан Майрамбек аганын айдоо жерлери быйыл көбөйдү. Ал быйыл жалпы 7 гектардан ашык жерге эгин айдаган. Аянттарын кеңейтүүгө дыйканга "Айыл банк" 4,5% үстөгү менен насыяга берилген үрөн көмөкчү болду. Ал насыянын эсебинен Орусиядан келген 1-репродукциядагы "Вакула" сортундагы арпадан бир тонна алды. Бул арпанын үрөнү 4 гектарга жеткен экен.  Эми дыйкан жакшы жана мол түшүм алам деп күтүп турат. 

"Арпанын чыгышы азыр жакшы, карасаңыз, сонун болуп көтөрүлүп калды. Буюрса ушундай жаанчыл болуп турса эле жакшы болот", - деп сүйүндү дыйкан талаасын карап.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт