// //

Бул 5 себеп эмне үчүн келинчегиңиз кошулгусу келбегенин түшүндүрөт

2022.06.07, 17:13
12626

Аялыңыз менен кыз-жигит болуп жүргөн кез эсиңиздеби? Ар дайым кол кармашып же кучакташып басып, бири-бириңерди каалап турчу элеңер. Эмнегедир баш кошкондон кийин, айрыкча балдар төрөлгөндө баары өзгөрдү. Сиз ар бир түнү кошулгуңуз келгени менен жубайыңыз даяр эмес. Эмне болду?

Бул 5 себеп аялыңыз эмне үчүн жыныстык катнашта болгусу келбей жатканын түшүндүрүп, эмне кылуу керек экенин көрсөтүп берет.

  1. Ал ортоңордогу байланышты сезбейт

Аял үчүн көп убакыт бою ачылып сүйлөшпөгөн күйөөсү менен жыныстык катнашка баруу - өзүн-өзү кемсинтүүгө, кадыр-баркын түшүрүүгө барабар. Келинчегиңизге кам көрбөсөңүз, жүрөгүндө эмнелер болуп жатканын сурабасаңыз, эмне деп жатканын укпасаңыз, өзүңүздүн сырларыңыз менен бөлүшпөсөңүз, ал үчүн төшөктө ачылуу кыйын болот.

Ортоңордо эмоционалдык байланыш жок болсо, секс кадр артында калат.

Ошондуктан, кошулууну сунуштаардан мурун, биринчи ирет ачык сүйлөшүүгө, чогуу бир нерсе менен алектенүүгө (мисалы, жалпы хобби) убакыт бөлүңүз.

  1. Ар дайыма чарчаңкы абалда жүрөт

Үй жыйнап, тамак жасап, кир жууп, эртеден кечке балдарыңыз менен алектенип жүрүп чарчаган аялыңызга сиз каалаган учурда эле даяр болуу кыйын. Эмне кылуу керек? Ал үчүн алгач жагымдуу шарттарды даярдоо зарыл. Үй жумуштарына кол кабыш кылыңыз, эмнелерге жетишпей жатканын сураңыз, балдарды алып калып, өзүнө убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз, салондорго же дүкөндөргө жибериңиз, эртең кандай жумуштар бар экенин чогуу пландап, жарымын сиз алыңыз, айтоор болушунча колун жеңилдеткенге аракет жасаңыз. 

Нормалдуу сексуалдык мамилеге баруу үчүн, эркек аялын алдын ала даярдап, жагымдуу сөздөрдү айтып, ачышы керек. Себеби аялдар эркектерге салыштырмалуу кечирээк дүүлүгөт.

  1. Жыныстык катнаштан кумар албайт

Чын-чынына келгенде, эркектер дайыма махабаттын туу чокусуна жетет. Ал эми аялдар үчүн ар бир жыныстык катнаштан оргазм алуу кыйынга турат. Андыктан төшөктө өзүңүздү гана ойлобостон, бул жөнүндө аны менен сүйлөшүңүз, аялыңыз сизден тартынып себебин ачык айта албашы мүмкүн. Канткенде, ага жакшы болоорун изилдеп билиңиз. Чогуу сексологго барып, кеңеш алсаңар да жакшы жыйынтык берет.

  1. Өзүн жагымдуу сезбейт

Өзүн жагымдуу сезбеген аял болгон күч-аракети менен секстен кача баштайт. Мисалы, ал өзүн толуп кеткенин байкаса, ашыкча салмагынан уялып, жыныстык катнашта толук ачыла албайт. Андыктан, ар дайым жагымдуу сөздөрдү айтып, аны каалап жатканыңызды көрсөтүп, жубайыңыздын баасын көтөрүп туруңуз. Мисалы, денесинин кайсы бөлүгү жагат экенин айтып, сүйүүңүздү билдирип, себепсиз кучактаңыз.

Аялдар ар дайым жыныстык катнашка баргысы келбесе эле “жок” деп айтпайт, адатта, бир жүйөөлүү себептери болот. 

  1. Сиздин гигиенаңыз жыргатаарлык эмес

Аялдар тиши тазаланбаган күйөөсү менен жыныстык катнашка баруудан ирээнжийт. Көңүлүн оортуп албайын деп, жагымсыз, бирок ачык сүйлөшүүлөрдөн качып, ар кайсы шылтоолорду айтышат. Кошулууга макул болсо да, батыраак бүтүшүн каалап, кумар алуу же берүү тууралуу такыр ойлонбойт. Бул маселени чечүү абдан жеңил! Аялыңыз менен жыныстык катнашта болгонго чейин, душка түшүңүз, тишиңизди тазалаңыз, жыртык ич кийимдериңизди алмаштырыңыз, атыр себинип алыңыз.  

Төрөттөн кийинки биринчи секс: даяр болушуңуз керек болгон 5 нерсе

"Нормальный" жубайлар жумасына канча ирет жыныстык катнашка барат?

Кош бойлуулук жана секс тууралуу 9 миф

Биринчи нике түндөн корккон жигиттерге кеңеш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт