// //

Төрөттөн кийинки биринчи секс: даяр болушуңуз керек болгон 5 нерсе

2019.09.22, 14:00
25454

Айымдар үчүн бул беш чындыкты билүү, төрөттөн кийин уктоочу бөлмөгө батыраак кирүүгө жардам берет.

  1. Секс мурункудай сезилбеши мүмкүн. Бул нормалдуу.

Төрөгөндөн кийин жыныстык катнаш учурунда мурункудай сезимдерди сезбесеңиз капа болбоңуз, бул табигый эле көрүнүш. Акыр аягы сиздин денеңизде жакында эле чоң өзгөрүү болду. Шеригиңиз менен ачык сүйлөшүп, көйгөйлөрдү  талкуулаңыз.

  1. Сиздин денеңиз качан даяр болоорун өзү жакшы билет. Чыдап туруңуз.

Төрөттөн кийин качан жыныстык катнашка барса болот, деген ой сиз үчүн кызык болушу мүмкүн. Бирок, чыдамдуу болушуңуз керек, денеңиз качан даяр боло турганын өзү жакшы билет. Төрөгөндөн кийин бир жума ичинде сезгенүүнүн пайда болуу коркунучу жогору. Адатта, организмдин толук калыбына келиши үчүн эң аз дегенде 4-6 жума керек.

  1. Төрөттөн кийинки алгачкы жыныстык катнаш оорутуу менен коштолушу мүмкүн.

Төрөттөн кийинки жыныстык катнаш ооруту менен коштолушу мүмкүн.  Эмчек эмизүүнүн натыйжасында организмде гормоналдык өзгөрүүлөр болуп, кындын кургашына алып келиши ыктымал. Натыйжада жыныс кыны назик болуп, секс учурунда бир аз оорутат. Бул учурда дарыгерлер атайын смазкаларды колдонууну сунуштайт.

  1. Психологиялык жактан даяр болуу абдан маанилүү.

Балалуу болгондон кийин жыныстык катнашка барууга психологиялык жактан даяр эмес болуу ыктымалдуулугу жогору. Бала эмизүү, кийимдерин алмаштыруу, жуунтуу, сейилдетүү ж.б. убактыңызды жана оюңузду толугу менен ээлеп алат. Ошондой эле төрөттөн кийинки депрессияга да чалдыгып калышыңыз мүмкүн. Маанайыңыз өзгөрүп, депрессиянын алгачкы белгилерин байкай баштаганда эле, дароо дарыгериңизге кайрылыңыз. Ал эмне кылуу керектигин айтып берет.

  1. Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу зарыл.

Эмчек эмизүү күтүүсүз кош бойлуулуктан коргоонууну камсыздашы мүмкүн, бирок жүз пайыз кепилдик жок. Төрөттөн кийин дароо эле коргонуу каражаттарын колдонуу зарыл. Болгону колдоноордун алдында сөзсүз дарыгер менен кеңешип, өзүңүзгө туура келгенин тандап алсаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт