Балам устабызды “мочосунан иий” деп эркелетип жиберсе болобу. Балдардын окуялары
Bilesinbi.kg 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата окурмандарынын башынан өткөн күлкүлүү окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Ким осурду?
Кызым үч жашта эле. Ошол мезгилде “элдин арасында осурба, уят болот”,-деп үйрөтө баштаганбыз. Бир күнү автобуста баратсак кызым осуруп коюп “фу, мама осуруп койдуңго”,-деп, кайра мени уят кылган. Жаныбызда турган адамдар “уялбайсыңбы”,-деп ары жыла баштаган. “Мен эмес кызым”,-деп айта албай уялгам. Азыр эстеп күлөбүз. nurnu8
Жыттуу жоолук
Менин кызым сегиз айлык. Уйкусу келгенде жоолугумду карматып коем. Мурдуна коюп жыттап жатып уктап калат. Жоолуктагы жытым кетип калса албайт. Кайра салынып жытымды сиңирип туруп берип коем. arseana5
Коркок ата
Мен дагы өз кулунумдун бир окуясы менен бөлүшө кетейин. Алты жашка толгондо бөлмөсүн бөлүп, өз алдынча жаткырып үйрөттүк. Бир күнү балам кайын энеме “атам караңгыдан коркот, апамы жанына алып катуу кучактап жатат, мен коркпой өзүм уктайм”,-деп жатыптыр. Уялганымды айтпагыла. angel_a3784
Бул эмне?
Кызым эки жарым жашар болсо керек. Эшиктин алдында кайын атамдын трактору турчу. Ары өтүп, бери өтүп, “Бул эмне?” деп кечке сурай берчү. Трактор десем, кайра эле сурайт. Бир күнү жолдошум үйдө болчу. Атасынан “Бул эмне?” деп дагы сурады. Атасы “Кой, козу, мааа” десе, атасына карап туруп “ыккыыы, тылактыыыл бул” деп боорубузду эзген. meh_kmed
Кайын эне
Эки балабыз бар. Улуусу аябай эле көп сүйлөйт. Каяктан үйрөнүп аларын билбейм, сүйлөгөн сөздөрүнө таң калам. Былтыр күйөөм менен уруша кетсем, жаныма келип “мама, сенин жашооң болбойт”,-деп коет. Кошуна бир тууган үч кыз бар. Көчөдөн аларды көрүп калса “мен сени сүйөм”,- деп бакырат. Алардын апасын эмитеден эле “кайын эне” деп алган. Эже көчөгө чыгып калса, “мама кайын энем чыкты, барып сүйлөшкүлө”,-дейт. Urmatkunduz
Апа же бала?
Эки балабыз бар. Уулум эки жарым жашта. Шоктук кылып койсо, “кой, балам антпе”,-деп урушуп коем. Анан оюна келгенде мага “эй, балам, балаам”,- деп айтып күлүп баштайт. Мага тийишкенди жакшы көрөт. Мени “апа” дебейт. Канчалык аны “балам” десем, мени дагы “балам” дейт. Кайын энемдер аябай күлөт. schastlivayaa_97
“Мочосунан иий”
Мен да айта кетейин. Балам жакында алты жаш болду. Карантин убагында отургузуп койдук эле. Чоң атасы келип эле “мочосунан”,- деп кармалап, көрсөтсө 20 сом берерин айтып эркелетет. Бир күнү үйүбүздө уста бар эле, аяшым. Жумуш кылып жаткан. Балам уялбай барып “мочосунан иий”,- деп эркелетип жиберсе, “ваай ата” деп күлүп жатып столдон аңтарылып кетти. Бирок эч нерсе болбоду. Ошондуктан туура эркелетүү керек экен. damira.munduzbaeva
Карагат кыз
Кызым эки жаш төрт ай болду. Өтө энергиялуу. Былтыр карагаттын вареньесин жасап, банка алып келгени сыртка чыгып кеткем. Кайра келсем кызым чоң чаранын ичинде чабак уруп жүрүптүр. Башына чейин варенье. Ак көйнөгү өзгөчө өң болуп кетпей калды. umutbaktybekova4
Уяты жок ит
Менин балам үч жашында чоң атасыныкына барып, питбуль итин көрүп, “чоң ата, итиңердин уяты жок экен, шорта кийгизип койбойсуңарбу”,- деп күлдүргөн. malza.08.08
Рецепт
0-класстагы кызым бир күнү мектептен келип, “эжей могу ырды жаттап келгиле деди”,- дейт. Окусам жаңылмач экен:
“Бул бал каймак,
Бул кам каймак.
Кам каймакка бал каймакты кошомун
Бал каймакка кам каймакты кошомун”,- деп окуп бүтсөм, “бул ыр эмес экен го” дейт. “Иий, анан эмне экен” десем, “жөн эле рецепт турбайбы”,- деп жатпайбы. Боорум эзилгенче күлдүм эле. nuraishamsieva
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
"Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы", деп айткам. Мигранттардын окуялары
Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар