"Бул бала төрөбөйт" деп келиндер мага жолошпойт эле
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Баары өз убагында, буйурган күнү болот экен. Мен муну төшүмдө ыңалап жаткан баламды кучактап жатканда түшүндүм.
Нуртилек менен бир университетте окудук. 3-курста сезимдерин билдире баштады. Алгачкы күндөрү кадимкидей качып жүрдүм. Башка жигит болсо “каадаланган” деп менден эбак эле үмүт үзүп коймок болуш керек. Нуртилек өжөрлүгү менен акыры жүрөгүмдү багынтты.
Нуртилек окуусун бүтөөрү менен Түркияга кетти. Жаңылбасам ал жакта эки жылдан ашык иштеди. Кыргызстанга келээри менен мага сунуш айтты.
Баш кошкондон кийинки күндөрүбүз ушундай сонун өттү. Жумушка кетип баратып, кучакташып коштошобуз, кечинде көрүшкөнчө бири-бирибизди сагынып кетебиз. Жайкысын көпкө чейин шаар кыдырып сейилдеп, түркүн темаларды сүйлөшөбүз. Кышкысын диванга жатып алып, бирге кино көрөбүз. Бир жыл билинбей эле өттү.
Андан кийин экөөбүздүн тең ата-энелерибиз, бир туугандарыбыз, кесиптештерибиз, досторубуз, кошуналарыбыз, мындй эле тааныштарыбыз “ай, качан балалуу болосуңар?” деп айтчу болушту.
Бул убакка чейин деле сактанган эмеспиз, ошентсе да менин боюма бүткөн жок.
Бир күнү Нуртилекке айтпай, жумуштан суранып дарыгерге бардым. Анализдердин баары жакшы чыкты. “Көйгөй күйөөңдө болушу мүмкүн” деди. Ага кантип айтышты билбей, ылайыктуу учур издеп жүрдүм. Көп өтпөй өзү чогуу көрүнүүнү сунуштады. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла.
Мына кызык! Нуртилек да таза чыкты. Ишенбей экөөбүз башка бейтапканаларга барып көрүндүк. Баары сүйлөшүп алгандай, “силерде көйгөй жок, балалуу боло аласыңар, болгону күтүп тургула” дешет. Ошентип жүрүп дагы эки жыл өттү.
Мурда бейтапканалардын эшигин каккыласак, эми айла жоктон табыптарга, мазарларга бара баштадык. Болгон ыкмалардын барын колдондук. Жыйынтык жок.
“Дагы эле балалуу боло элексиңерби?”, “Небере көрбөй өтүп кетет окшойбуз!”, “Балдар үйүнө барып көрбөйсүңөрбү”, айтор бары ыңгайсыз, ыксыз суроолорун берип, кенетерин айтып, турмушубузга кийлигишип жатышты.
Биздин коомдо жазылбаган эреже бар - жубайлар турмуш кургандан кийин бир жылда балалуу болушу керек. Кимде-ким андай кылбаса, же кылалбаса, же каалабаса, эрежени бузган болуп саналат.
Бир учурду эч качан унутпайм. Кайын энемдин алтымыш жылдыгы болуп айылга тойго бардык. Туугандар арасында төрт-беш жаңы келген келин бар болчу. Акырын байкасам менден качып жүрүшөт: отурган жериме отурушпайт, кармаган буюмдарымды кармашпайт, бут кийим таппай калганда, меники бош турса да кийишпейт.
Боорсок ташып жаткам. Үйгө кирип баратып келиндердин шыбырашып жатканын угуп калдым: “Ал жеңе "куу этек", эч нерсесин кармабагыла, силер дагы балалуу болбой каласыңар”. Башыман ылдый муздак суу куйгандай болду. Нуртилекти издеп таап “үйгө кетем” деп ыйладым.
Билесиңерби, бактылуу адам эч качан бирөөнүн жашоосуна кийлигишпейт.
Башкалардын сөзүнө кирип, ар кайсы жакка барып өзүбүздү калп эле кыйнап жүрүптүрбүз. Жашообуздун 3 жылын ушинтип өткөргөнүбүзгө өкүндүк. Нуртилек экөөбүз “адамдар эмне десе ошо десин, буйурган күнү болот, экинчи бул нерсеге кадалбайбыз, эч кимди жеке турмушубузга кийлигиштирбейбиз” деп сүйлөшүп алдык.
Беш жылдан кийин ата-эне статусуна ээ болдук. Сүйүнүчтүү кабарды укканда экөөбүз тең жашыдык.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат
Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым
Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм
"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм