// //

Келиним менден этти бекитип жатат деп ойлогонум үчүн уялам

2022.05.04, 12:23
13319

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Э адамдар, заман бузулуптур. Ага кошулуп мен бузулупмун. Мен катамды моюнга алгандан уялбайм. Мен катамды моюнга албагандан уялам. Келинимдин көзүнө карай албай ит болбодумбу. Тууй...

Шаарга келгем. Бутумду көрсөткөнү. Бассам эле ооруйт. Врачтар көнүгүүлөрдү жасап туруңуз деди. Кыймылдаш керек экен. Аны угуп алып жыргап калдым. Анан аз жерден айылга жөн кетпей, келиним менен уулумду уруштура жаздадым.

Келиним кечээ эт асып, мага деп шорпо жасап берген. Бейтапканадан үйгө келсем баары жумушка, неберелер мектепке кетиптир. Ачка болуп ашканага кирдим. Кечээ эт көп асылды эле деп аны издей баштадым. Муздаткычта жок. Апей ботом, ал кайда? Эртең менен эле турбады беле?

Өйдөңкү шкафтан, кол аарчыларга оролуп турган жеринен таптым. Жакшылап бекитип коюптур. Жаш балдардын колу жетпей турган жер. Каап, менден бекитиптир деп ачууланып чыктым. Уулума чалып айтайын дедим. Бирок, экөө жумуштан келсин, алардыбы деп күтүп отурдум. Келиниме ушундай ачуум келди. Жесем аз эле жейт болчум, эмнеге бекитет!

Кечинде баары келишти. Эки уул неберем бар, мектептен чуркап келип эле муздаткычты ачып, тамактарды калтырбай жей башташты. Келиним менен балам колун жууп келгиче баарын жеп коюшту. Анан келиним келип, алар чыгып кеткенден кийин, "апа жүрүңүз, сизге этти катып койгом, болбосо булар жеп коймок" деди. Жерге кирип кетейин дедим. 

Этти алып чыгып дасторконго коюп, чай демдей баштады. Уулум мени өөп, баары жакшыбы сурады. Мен кайгылуу отурдум. Анткени жаман оюмдан уялып жаткам. Акыры чыдай албай, келинимдин бетинен өөп кечирим сурадым. Ал таңкалып эмне үчүн экенин сурады. Жөн гана жылмайып, чекесинен дагы өптүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт