// //

Уулум өгөй атасы берген белекти ачып көрүп ыйлап кирди

2022.05.03, 12:58
32252

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Тагдыр мени аябай эле сынады. Тактап айтканда, сындыргысы келди өңдүү. Бирок, мен сынбадым. Ар бир сыноосун татыктуу көтөргөнгө аракет кылдым. Акыр аягы ага жолуктум.

Алтыным балам, төрөлгөндөн бери атасынан бир жакшы сөз укпады. Мага жаман сөз айтканы аз келгенсип, уулуна көп кол көтөрчү болду. Уулум мени коргойт, мен аны коргойм. Акыры чарчадым. Бул жашоо эмес эле тозок болчу. Уулумду алдым дагы, кетип калдым.

"Апа кайда барабыз?" Балам калп айтпасам он жолу ушинтип сурады. Сыртыман байкатпаганым менен, ичимден ыйлап жаттым. Билбейм деп айтыштан корктум. Уялдым. Бутум кайда алып барса ошол жакка кете бердим. Азыр жетебиз деп ага калп үмүт бердим. Ушундай жашагым келбеди. Бирок, могу балам гана кармап турду.

"Идиш жуучу керек" деген жазууну окуп тык токтодум. Кафеге кирип бардым. Каардуу аял, кагып-силкип тосуп алды. Чыдадым. Көрсөткөн жерине барып идиштерди жууй баштадым. Кир идиштин арасынан кардарлардан калган бир манты таап алдым. Жанымда отурган уулума шап кармата койдум. Балам ай, экиге бөлүп жарымын мага берди.

Кыйын күндөр далай өттү. Эстегим келбейт. Айткым келбейт. Өткөндөр өткөндө калсынчы.

Экөөбүз эч качан бири-бирибизге "сүйөм" деп айтпадык. Мамилелер баарын далилдеп турду. Анын камкордугу баарын далилдеп турду. Көздөр баарын далилдеп турду. Мен биринчи жолу бирөөгө ишендим. 

Уулум бешинчи класс болуп калган. Акыры баш кошууну чечкенден кийин, биринчи балам менен тааныштырганы алып келдим. Ал уулума деп белек алып алган. Уулума колундагы белекти берди. Балам ачты. Ичинде кат экен. 

"Менин балам болууга макул болчу. Сага мыкты ата болуп берем. Сөз берем."

Ата мээримине зар балам ыйлап жиберди. Аны катуу кучактап ыйлап кирди. Ал баламдын чачынан сыйлап, чекесинен өптү. Бул жакта туруп алып мен ыйлайм. Жашоо мени сындара албады. Мен жеңдим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт