// //

Ойлонуп отура бербей, алып туруп жасап салгыла! Кайрат Омурбек уулудан кеңеш

2022.04.14, 13:33
1562

Казахстандык Akhter Studio компаниясында бэкенд-разработчик болуп иштеген мекендешибиз Кайрат Омурбек уулу менен түз эфир аркылуу маектешип, окурмандар суроолоруна жооп алып бердик. Маектин урунтуу учурларын төмөндөй окуй аласыз, ал эми эфир толугу менен инстаграм баракчабызда. 

- Тилекке каршы, кыргыз тилинде маалымат аз. Андыктан, жок дегенде орус же англис тилин билишиңиз керек. Анткени, IT тармакты бул тилдерсиз үйрөнүү бир аз кыйынга турат. 

- Жашоодо сыйкырдуу таблетке жок. Баарын жасап көрүшүңүз керек. Ошондо сизге кандай жумуш жагарын табасыз. Ал эми сүйүктүү жумушуң менен алектенүү бул өзүнчө бакыт. 

- Көп ойлонуунун кереги жок. Алып туруп, жасап сал. Сен ойлонгуча, сен теңдүүлөр аракет кылып, бир нерсеге жетишип жатышат. Ал эми алардан сенин эч нерсең кем эмес. Өзүңдү басынтпа. 

- Чынында программист болгуң келсе сабырдуу бол. Бат эч нерсе болбойт. Аракет кыла бериш керек.

-  IT тармакты бир оор бир нерсе катары көрсөтүшөт. Андай эмес. Токтобой үйрөнө бериш керек. Болду, баары оңой.

- Бул тармакта бат жыйынтыкка жетем десеңиз ментор табыңыз. 

- Кыйынчылыктар толтура болот. Буга даяр болгула. 

- Заматта көп акча таап баштабайсыз, муну дароо айтып коеюн. Тажрыйба топтоп, жаңы деңгээлге чыкканга чейин убакыт керек. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт