// //

Байкем жеңемдин бул сөзүнө ишенип мага ич өткөктүн дарысын алып келиптир

2022.04.12, 15:52
8484

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Күлипа жеңем улуу байкемдин аялы. Үйүбүзгө келин болуп келгенде мен болгону тогуз жашта элем. Көчөдө ойноп жүргөм. “Ай, келин келди, үйгө кир”,-деп апам чакырды. Барбай койдум. Себеби кичинекей балдарды келиндин жанына отургузуп коюшат. Анын үстүнө кыздар менен жаңы оюн баштап алганбыз.  

Үйгө күн батып калганда келдим. Дароо очокко чуркап барып тайкемен шорпо сурап ичтим. Эт туурап жаткан экен, бир кабырганы кармата салды. Аны көтөрүп алып көшөгөгө кирсем кара тору келген сулуу кыз отурат. Райхан тажеңем “бул сенин кайын сиңдиң” десе, тура калып жүгүндү. Күлүп жибердим. Тажеңем сыртка кууду. Тентек сары кыз элем.

10-классымда элдин баары  “Агент” деген тиркеме менен ооруган. Жадакалса тиги алтымыштагы Жоошпой кошунабыз агентте отурчу.

Байкем өз алдынча бөлүнүп, коңшу айылга көчүп кетти. Ар бир жайкы каникулда алардын үйүндө жүрүп келем. Тиги агенттен байкемдин кошуналарынын балдары менен таанышып алгам. Баратам деп алдын ала кабар жөнөтүп коем. Айтканын айтып алып, үйдөн чыгуунун амалын издейм. Себеби байкем мени катуу кармайт. Дааратканага көпкө отуруп калсам “Чынара! Ай, Чынара!” деп издеп жөнөйт.

Күлүпа жеңем эң жакын курбум. Жолугушуулардан келсем кызыгып кандай өткөнүн сурайт. Өзүнүн жаш кезин эскерип, боорду эзген окуяларын айтып берет. Байкем жокто экөөбүз аны ушундай ушактап, кыткылыктап күлөбүз. Бир жолу кармалып калып уруш да жегенбиз.

Кечке маал байкемдин  “Жашоо сүртүмдөрү” деген сүйүктүү сериалы башталат. Сериал бүткүчө байкем ордунан жылбайт. Менде болжол менен бир сааттан ашык убакыт бар. Жеңеме акырын көз кысып коюп, жолугушууга жөнөйм. Жигитим огороддун башында күтүп турат. Экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп, бир-эки көчө айланып сейилдейбиз. Сөз түгөнгөндө үйгө узатып коет.

Бир күнү байкем ич өткөктүн дарысын алып келди. “Ал, бул дарыны ич, ар нерсени жей бербе” деди. Таң калып жеңемди карасам жөтөлүп койду. Баарын түшүнүп ичим оорубаса дагы бир таблетка ичтим. Байкем малга чөп салганы чыгып кеткенде, жеңем “сени кайда жүрөт деп сурай бергенинен шылтоо таба албай, ичи өтүп жатат деп койгом”,-деди.  Экөөбүз боорубуз эзилгиче күлдүк.

Азыр эки баланын энесимин. Үй-бүлөм менен шаарда турам, айылга барган сайын Күлүпа жеңеме кайрылмайын кетпейм. Балалык күндөрүмдүн көркүн ачкан жеңеме рахмат. Мен да сиздей жакшы женеке болууга аракет кылам. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт