// //

Орус кемпирдин кызым экөөбүзгө жасаган жакшылыгын өмүр бою унутпайм

2020.02.19, 11:24
6849

Үчүнчү курста окуп жүргөндө айылдаш бир жигит ала качып кетти. Отурбай ызы-чуу салдым. Шайлары калбай калганда ата-энеме кабар беришти.

- Кетем!

- Жакшы эле жердей көрүнөт.

- Окумду бүтүшүм керек!

- Эл эмне дейт? Эртең айылга сөз болобуз! Жоолукту салынып унчукпай отур!

Ошентип ата-энем келсе алып кетет деген үмүтүм жалп өчтү.

“Кабагы ачылбаган неме экен”,-деп кайын энем жактырбайт. Күйөөм “сен мени чангансың” деген шылтоосу менен кол көтөрөт. Чүнчүп аябай арыктап кеттим. Бир-эки жолу ата-энеме барып арыздандым. Колдоп койгондун ордуна, “эми сенин үйүң ошол” дешти.

Кыз төрөдүм. Төрөт оор болду. Кан көп кетип бир жумадан ашык бейтапканада жаттым. “Выпискага” күйөөм келген жок. Жулкулдатып кайын энем алып чыгып кетти. Үйгө келсем күйөөм ичип, эс-учун жоготуп жатыптыр.

Жолдошумдун токмогуна чыдай албай, кызыма үч ай болгондо үйдөн чыгып кеттим. Ата-энемдикине барган жокмун. Кайын-журтума кайра жеткирип беришмек. Ал учурда көпчүлүк студенттер орус кемпирлердин үйүнө батирге чыгат эле. Жанымда бир аз бекиткен тыйыным бар болчу. Ошентип, мен дагы “тётя Оля" деген кичинекей орус кемпирдин квартиранты болдум.

Эки айдан бери батирдин акчасын бере элекмин. Иштейин десем, колумда кичинекей кызым бар. Тамак-аш дагы калбай калды. Эмне кылышты билбей кыжаалат болуп жүргөндө, “тётя Оля" бөлмөмө кирип келди. “Жамалка, балаңды мен багып берейин, үйдө бош эле отурам. Сен жумуш таап иште, окууңду калыбына келтир, бутуңа тур. Сага болгон жардамым ушул болсун. Кандай дейсиң?”

“Кызым эмне болду экен?”,- деп, жумуштан чыгып алып үйгө чуркайм. Келсем мойтойуп уктап жаткан болот. Курсагы ток, алды таза, жалаяктары жуулуп сыртта жайылып турат. 

Билинбей күндөр өтө берди. Бир күнү жумуштан келсем, “тётя” Оля ыйлап отуруптур. Эмне болгонун сурасам, Москвадагы кызы апасын алып кеткени келаткан имиш. Бул кабарды угуп алып мен ыйладым. “Өзүңө жакшы кара, окууңду бүтүр”,-деп, кызымды бетинен өөп орус жергесине биротоло кетти. Бул учурда кызым чоңоюп бала бакчага бара баштаган эле. 

Азыр менде баары сонун. Тигүү цехим бар. Кызым 5-класс болуп калды. Жакында жаңы үйгө көчүп кирдик. Эгер “тётя Оля" болбосо, ушунун баарына жетет белем же жокпу эч ким билбейт. Кичинекей орус кемпирдин кызым экөөбүзгө жасаган жакшылыгын өмүр бою унутпайм.

Баса, кийин “тётя Оляны" көп издедим, бирок таппай койдум. Угушума караганда Мосвадан каза болуптур.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт