// //

Жигитим "балаңа ата болуп берем" деген сөзүнө турбаганы үчүн милицияда отурат

2022.04.08, 14:37
8132

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Сени жолуктурган тагдырыма ыраазы болгонума азыр өкүнүп отурам. Мен да сени сенден кем калбай сүйгөнмүн. Биринчи турмушумдан жаралган балам менин бүтүндөй жашоом экенин айтканымда ата болуп берээриңди билдиргенсиң. Ошол сөз мага өзгөчө таасир калтырып, бирок ага карабай сени сынап да көрдүм. Баламды алгачкы жолу көргөнүңдө кучагыңа кысып, аны менен бат эле дос болуп кеттиң эле. Мен түбөлүк бактымды таптым деп ойлогом.

Колумду сурап алып кеттиң. Эки жумадан кийин баламды алып келдик. Ага кылган алгачкы 6-7 айдагы жакшылыктарыңды, мээримиңди адилеттүүлүк үчүн унутпаймын. Бирок, андан кийин эмне кылдың?

Сени ата катары кабыл алып калган наристени алгачкы жолу урганыңда жүрөгүм тилингенине карабай өзүмдү соороттум эле. Бардык эле ата-энелер балдарын анча-мынча какыс-кукус кылып тарбиялап жүрүшпөйбү дегем. Бирок, тилекке каршы сеники токтогон жок. Мен жокто денесин көгала кылып сабаганыңдагы абалымды азыр эстегим келбейт.

Эки айда алты жолу сабадың. Же мен же бала сага жамандык кылбаса. Бир учурдагы сылык, күйүмдүү, көзүмдүн карегин карап турган түгөйүм ушунчалык өзгөргөнүңө таң каламын. Мындай сапаттарыңды баласыз жашаган алты айда көрсөтсөң кана. Жок дегенде ал сени ата катары кабыл ала электе билгизип, мага да, ага да үмүт бербесең кана. Сени сүйүп, жакаңды кирдетпей карап, колумдан келгендин баарын кылдым. Муну балам жаныбызга келе электе да жасачумун. Наристени акыркы жолу мас болуп келип төпөштөгөнүң, биздин эми жолубуз бир эмес деген белги.

Азыр мен баламдын чүнчүгөн көздөрүн көрүп кечирим сурап отурам. Бактылуу балалыкты тартуулай албаганыма өкүнүп отурам. Өмүрдү сага арнабайм. Балага кордук көрсөткөнүң үчүн милицияда отурасың. Арызды кайтарып албайм. Сабаганың үчүн эмес, балаңа ата болуп берем деп алдап, сөзүңө турбаганың үчүн! Балага үмүт берип, бирок кийин атаң эмесмин деген сөзүң үчүн!

Азыр мен экөөбүздүн ортобуздан бала жаралбаганына кубанып отурам. Эгер наристебиз төрөлсө өгөй балаң мындан да катуу кор болооруна ишенип турам. А мен баламды таштабайм. Ал үчүн баарын кылам!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт