Ар бир жуп секстеги келишүү тууралуу бул нерселерди билиши керек
Салам достор! “Ойло” чат-ботунун куратору Гуляим Айылчи түз эфирде конокто болуп, жыныстык катнаштагы макулдашуу тууралуу суроолорго жооп берди. Кызыктуу эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан табасыз. Ал эми төмөндөн урунтуу учурларды окуй аласыз.
- Адамдардын секс тууралуу ар кандай түшүнүктѳрү, каалоолору жана жасагысы келбеген нерселери бар. Ошон үчүн булардын баарын биринчи сураш керек.
- Өнөктөш диалог курууну каалбаса, "жок" десеңер таарынып кетип калса, келишүүгө баргысы келбесе анда ал адам силердики эмес.
- Сексуалдык мамилени баштоодон мурун негизги учурларды талкуулап алуу керек: коргонуу каражаттарды тактап, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар барбы же жокпу билүү үчүн спарвка аталап кылуу, же болбосо чогуу дарыгерге барып текшерүүдөн өтүү.
- "Жок" деп айтканды билгиле. Учурда жыныстык катнашты каалабай жатсаңыз, аны ачык айтыңыз. Өзүңүздүн каалоолоруңузду биринчи орунга коюңуз.
- Макулдашуу бул татаал деле нерсе эмес. Азыр жыныстык катнашты каалайсыңбы же жокпу деген эле сөз.
- Секске макулдук бергенде өнѳктѳштөрдүн экөө теӊ кабыл алынган чечимге таасир эте турган бири-биринин ѳзгѳчѳлѳлүктѳрү, ар кандай оорулары, берген артыкчылыктары, статусу жана башка учурлары тууралуу билип туруп, жыныстык катнашка барышат.
- Жыныстык катнашта ѳнѳктѳштѳрдүн бири каалаган учурда «стоп» деп айтып, кетип калууга укуктуу.
Төрөттөн кийинки биринчи секс: даяр болушуңуз керек болгон 5 нерсе
"Нормальный" жубайлар жумасына канча ирет жыныстык катнашка барат?
Кош бойлуулук жана секс тууралуу 9 миф