// //

Төрөтканадан "кыз болсо үйгө келбе" деп бакырган күйөөмдүн сөзү жашоомду бурду

2022.03.24, 17:28
35313

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

- Ай ким эле бакырып жатат?

- Кимдин күйөөсү?

- Кимдики?

- Иий, уяты жок немего...

- Эмне дейт?

Палатадагылар ызы-чуу болуп чыгышты. Көзүмдөгү жашты катуу кармап чыгарбай, билмексен болуп сыртка чыгып кеттим. Ичимдеги өрттү билсеңер кана. Ал менин күйөөм болчу.

Ар бир кыз турмушка азыркыдан дагы бактылуу болом деп чыгат. Мен дагы алардын катарында элем. Бирок, эки эсе бактысыз болдум. Мен кимге чыгып жатканымды билбептирмин.

Кайын энем экөө кошулуп, мени жакшы эле ыйлатышты. Жан дүйнөмдө соо жер калбады. Балким, ошонун айынан, ичимдеги балам мөөнөтүнө жетпей сыртка чыгам деп баштады.

"Мага уул керек! Эркек болбосо үйгө келбе!" Таксиге салып жатып ошентип айтты. Айдоочу байке таңкалып калды. Жолдо баратып, "кызым, кызымдай эле кыз экенсиң, сен жакшы жигитке татыктуусуң, өзүңдү басмырлаба" деди. Ичимдин ооруп жатканынан унчукпадым. Ал улам терең үшкүрүп, жеткиргенден кийин колумдагы 120 сомду албай кетип калды. 

Кечинде келди. Ушинтип бакырды. Мен ыйлап коридордо отурдум.

Башкы врач эртең кесарево болорумду айтты. Кабар ага да жеткен окшойт жанымда бир аз отурду. 

- УЗИ жасаттың беле?

- Ооба.

- Ким экен?

- Кыз.

- Тигиге айткан эмес белең.

- Жок, үйдөн кууп чыкмак. 

- Кыз болгону жакшы болуптур, бактылуу кыз болот. Анын бактысы сенин колуңда.

Туруп кетти. Улгайган эле байке экен. Ыраазы болдум. Менде бир адамдын бактысы үчүн жоопкерчилик бар экенин унутупмун. Эмнеге кор болуп жүрөм?

Таңкы төрттөрдө кыздуу болдум. Үнүңөн сенин берекем. Кош келдиң.

Кызымдын келечеги үчүн мен баарын өзгөрттүм. Бир заматта. Байкем менен жеңем алып чыгып кетмей болушту. Кызымды кучактап, пакетимди даярдап коюп отурсам, жанагы врач байке келди. Кайда барарымды сурады, жообумду угуп "азаматсың, эч качан кеч эмес, баарын башынан башта" деди.

Алыста турган досунун машинасын көрдүм. Байкем пакетимди багажка салып жаткан. Алыстан карап туруптур. Кызымды катуу кучактадым дагы, колумду булгап коштошуп, машинага отуруп кетип калдым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт