// //

Симптомдору дароо байкалбай айымдарды кыйнаган 4 гинекологиялык оору

2022.03.02, 13:56
11242

Салам достор! Бүгүн силерге аялдар арасында эң көп кездешкен, анын үстүнө дароо байкалбаган гинекологиялык оорулар тууралуу айтып беребиз. Бул ооруларды алдын алуу үчүн гинекологго убагында барып текшерилип туруу керек. 

Жатын моюнчасынын эрозиясы

Жатын моюнчасынын эрозиясында көбүнчө эч кандай симптомдор байкалбайт. Аны аныктоо кыйын болушу мүмкүн. Гинекологго убагында көрүнүп туруу гана жатын моюнчасынын эрозиясын аныктоого жардам берет. Убагында дарылабай өтүштүрүп жиберсе, жамбаш органдарынын өнөкөт сезгенүү ооруларына, тукумсуздукка, эң жаманы залалдуу шишикке алып келиши мүмкүн. 

Кольпит

Бул тымызын оору кындын былжырлуу челинин сезгентет. Сезгенүүнү көп учурда жыныстык катнаш аркылуу жуккан бактериялар козгойт. Алар хламидия, трихомонад, микоплазм, стрептококк, стафилококк ж.б. Жамбашыңыздын, курсактын ылдый жагындагы жана жумурткалык бездериңизди курчап турган аймактарда сезгенүү пайда болуп жаткандай сезилсе, дароо гинекологго чуркаңыз. 

Жатын миомалары

Бул жатындын булчуң катмарында пайда болгон залалдуу эмес шишик. Жатын миомасынын келип чыгышынын так себептери белгисиз. Бирок, дарыгерлер төмөндө келтирилген себептердин кээ бирлери жатын миомасынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн деп эсептешет:

  • менструациянын кеч башталышы
  • аборт
  • туура эмес тандалган бойго болтурбоочу таблеткалар
  • гинекологиялык оорулар
  • ашыкча салмак жана физикалык активдүүлүктүн жоктугу
  • стресс.

Эндометриоз

Бул көптөгөн аялдарга тааныш болгон гинекологиялык оору. Эндометриоз болгондо, адатта жатындын ичинде өскөн клеткалар сыртында өсө баштайт. Бул төрөт учурундагы ар кандай кыйынчылыктарынан же баланын төрөлүшү менен байланышкан башка кыйынчылыктардан келип чыгышы мүмкүн. Мындан тышкары, миома жана тез-тез инфекцияларга чалдыгуу эндометриоздун өнүгүшүнө алып келиши ыктымал.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Айымдар бул 5 себептин айынан заарасын кармай албай калат

Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек

Чачты суу кезинде тарабаңыз. Чач жөнүндө кызыктуу 4 факт

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт