// //

Айымдар бул 5 себептин айынан заарасын кармай албай калат

2022.01.10, 12:14
6407

Салам достор! Кош бойлуулук жана төрөттөн тышкары, аялдар бул факторлордун айынан заарасын кармай албай калышы мүмкүн. Андыктан аларды билип, алдын алуу керек.

Жаш курак

Көбүнчө сийдикти кармай албаган көйгөйлөр климакс учурунда пайда болот. Бул гормоналдык денгээлдин өзгөрүшүнөн жана булчуң тонусунун төмөндөшүнөн гана эмес. Климакс жамбаштын булчуңдарында да белгилүү бир өзгөрүүлөрдү жаратат. Анын айынан заар кармоо кыйын боло баштайт. 

Оор жүк көтөрүү

Физикалык басым туура эмес бөлүштүрүлсө, аялдын ден соолугуна зыян келет. Мисалы, аял дайыма оор сумкаларды, жүктөрдү көтөрүп жүрсө, сөзсүз ден соолугу жабыркайт. Айталы, омуртка, табарсык жана анын булчуңдарына терс таасир этет.

Пассивдүү жашоо образы

Эгерде аял өз денесине кам көрбөсө жана пассивдүү жашоо образын жүргүзсө, бул жамбаштын булчуңдарын алсыратып, заараны кармай албай калышына алып келет.

Семирүү

Эгерде аял ашыкча салмактуу болсо, анда жатын жана табарсыкка, жамбаш булчуңдарына басым келет. Бул, албетте, заара кармап калуу абалын начарлатат.

Өнөкөт жөтөл

Бул факторго өпкөнүн спецификалык эмес оорулары бар  жана көп тамеки тарткан аялдар (тамеки тарткандардын жөтөлү деп аталгандар) кирет. Жөтөлгөндө ичте терс басымы пайда болот. Аял жөтөлүп, диафрагма жыйрылып, табарсыкты басып калат жана ал заараны кармай албай калат.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек

Чачты суу кезинде тарабаңыз. Чач жөнүндө кызыктуу 4 факт

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт