// //

Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек

2021.12.06, 15:09
8847

Салам достор! Бүгүн биз силерге климакс тууралуу кызыктуу маалымат беребиз. Жакындарга айтып койгонду унутпаңыз. 

1. Климакс – грек тилинен тепкичтин бир баскычы деп которулат. Бул ар бир аялдын жашоосундагы белгилүү бир этап. 45 жаштан 54 жашка чейинки мезгил аралыкта башталса нормалдуу деп саналат. Бул учурда жумуртка бездердин функциясы өчүп, аялды аял кылып турган жана аял үчүн негизги гормон болуп эсептелинген – эстроген гормону иштелип чыкпай калат.

2. Климакс учурунда аялдын этек киринин ритми бузулат. Кээде келбей калып, кээде тетирисинче өтө көп кан кетиши мүмкүн. Эгер аденомиоз, миома сыяктуу гинекологиялык оорулар бар болсо, ал да көп кан кетүүгө себепкер болот.

3. Мезгилинен эрте келген климакс деп 40 жашка чейинкилерин айтабыз. Ал эми эрте климакс деп 30 жашка чейинкиси айтылат.

4. Климакс учурунда жаш куракка тиешелүү болгон бардык процесстер жүрөт. Кан тамырлар өзгөрөт, сөөктө кальций азаят, мээдеги процесстер жайыраак жүрө баштайт.

5. Климакста либидо төмөндөйт, башкача айтканда мурункудай каалайбай калат. Андан тышкары жыныс кыны кургап, циститтин пайда болуу коркунучу бар. Булар да жыныстык катнаштын регулярдуу болушуна тоскоолдук жаратат.

Эгер маалымат сиз үчүн пайдалуу болсо, анда жүрөкчө калтырыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
С
Сезим Жаныбекова(замужем)
11.01.2022, 01:00

Этек кир 2 жыл келбей, кайра келип калышы мумкунбу, жашым 39 да, же уже климакс болуп калдымбы, врачтын козомолундомун тыянак жок бирок, келет деп элежонотот барасам эле, 10 кун Дюфстон идём, кичине кызарса келип Двигель табарсыка суйкоймун.кызарган кээде эле болбосо жок эле эле.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт