// //

Бул 5 себеп эмнеге тизеңиз ооруйт экенин билдирет

2022.02.17, 10:08
7700

"Өх, тизем!" Шап тура калсаңыз, же отурарда тизеңиз оорутчу болдубу? Жообуңуз "ооба" болсо, анда биз анын айрым себептерин айтып беребиз. Эсиңизде болсун, так диагнозду дарыгер гана коет. Ооруп жатабы, демек, өтүп кетет дебей бейтапканага чуркаңыз.

Травма

Көбүнчө бул себеп спортчуларда кездешет, тизе томугу тынымсыз кашка жиликке сүрүлүп, анан оорута баштайт. Ошондой эле жыгылып, же бир нерсеге уруп алгандан болот. Туура эмес чуркап же машыгып тизесине зыян келтирип алгандар дагы көп. 

Сезгенүү процесстери

Буга өнөкөт жаракаттар, аллергиялык реакциялар жана инфекциялар алып келиши мүмкүн. Кичине эле бир жериңизди кырып алсаңыз, инфекция кирип кетерин дагы унутпаңыз. Жыйынтыгында тизе муундарына суюктук топтолуп калат. Сезгенүү процесстерине төмөнкү оорулар кирет: артрит, липоартрит, бурсит, синовит жана тендинит.

Аутоиммундук оорулар

Бул организм дени сак клеткаларга жана ткандарга антителолорду өндүрө баштаганынан улам пайда болгон өнөкөт оорулар. Дененин өзүнүн иммундук системасы муундарды душман катары кабылдап, аларга чабуул жасай баштайт. Ушул себептен улам төмөнкү оорулар пайда болушу мүмкүн: ревматизм, ревматоиддик артрит, реактивдүү артрит.

Шишик жана киста 

Алар тизе муундарына таасир этет, ооруну пайда кылат. Тизенин артындагы дискомфорт кистанын пайда болушунун белгиси болушу мүмкүн. Бирок тизелер башка онкологиялык процесстерден улам оорушу мүмкүн: эмчек рагы, өпкө рагы ж.б.

Жаш курак

Картаюу процессине жана муундардын эскиришине байланыштуу. Көбүнчө улгайган адамдарда кездешет. Бул өзгөрүүлөрдү жок кылуу мүмкүн эмес, бирок хирургиялык кийлигишүү болбосун дегендер, убагында дарылашы зарыл.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Айымдар бул 5 себептин айынан заарасын кармай албай калат

Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек

Чачты суу кезинде тарабаңыз. Чач жөнүндө кызыктуу 4 факт

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт