// //

Баланын жамбашы эмнеге бышарып кетээри тууралуу маалымат

2022.02.16, 15:14
2338

Такма жалаяктардан пайда болгон бүдүрчөлөр балаңыздын астына канчалык дыкат кам көрсөңүз дагы пайда болушу мүмкүн болгон кеңири жайылган көрүнүш. Такма жалаяк колдонулган дээрлик бардык балдарда кайсы бир баскычта такма жалаяктан улам бүдүрчөлөр пайда болот.

Бышаруунун себептери

Көп нерселер бири-бири менен айкалышып, балаңызда такма жалаяктан болгон бүдүрчөнү пайда кылышы мүмкүн.

Негизги себеп - ным же булганган жалаякты көпкө кийүү. Узакка созулган нымдуулук, сүрүлүү жана аммиактын бөлүнүп чыгуусу балаңыздын терисин дүүлүктүрүшү мүмкүн.

Пластикалык шымдар көп учурда такма жалаяктан болгон бүдүрчөлөрдү күчөтөт, анткени алар абанын нормалдуу айлануусуна тоскоол болот жана такма жалаякта нымдуулукту кармап турат.

Жуунгандан кийин кездеме такма жалаякта калып калган самын жана кир жуучу каражаттар да бышаруунун пайда болушуна салым кошушу мүмкүн.

Кээде балдарда экзема, псориаз, молочница же импетиго сыяктуу башка оорулар дагы болот, алар такма жалаяктан болгон бышарууну күчөтүшү мүмкүн.

Бышаруунун симптомдору

Балаңыздын жамбашынын териси кызарып жана ооруксунат. Теринин кээ бир жерлери шишимик тартышы мүмкүн, ошондой эле териде жараңкалар болушу ыктымал. Бул жарылуулар жара деп аталат.

Бүдүрчөлөр ыңгайсыздыкты жана оорутууну пайда кылышы мүмкүн, бул сиздин балаңызды чыргоолонтушу ыктымал.

Бышаруу боюнча дарыгерге качан кайрылуу керек

Сиз төмөнкү учурларда балаңызды дарыгерге алып барышыңыз керек, эгерде:

  • ыйлаакчалар, кабыкчалар же бүдүрчөлөр пайда болсо
  • балаңыз чыргоолонот жана уктабайт
  • балаңызда түшүнүксүз калтыроо бар
  • бүдүр жайылып жатат
  • уулуңуздун жыныс мүчөсүнүн учу кызарып жана шишип кеткен же ал карттанып калган.

Бышарууну дарылоо

Жөнөкөй чаралар көбүнчө мыкты болуп чыгат. Такма жалаяктан пайда болгон бүдүрчөлөр адатта жок болуп кетет же төмөнкү кадамдарды жасагандан кийин бир нече күндүн ичинде айыгат.

Балаңыздын такма жалаягын тез-тез алмаштырып туруңуз 
Такма жалаяктын бат-баттан алмаштырылышы жалаяктын аймагын кургак кармап, балаңыздын терисине айыгууга мүмкүнчүлүк берет. Балаңыздын такма жалаягы нымдуу же кургак экенин билүү үчүн болжол менен бир саат сайын текшерип туруңуз. Нымдуу же булганган жалаяктарды дароо алмаштырыңыз. Бир жолку такма жалаяктар нымдуулукту көбүрөөк сиңиргендиктен, бышаруудан сактануу үчүн абдан ылайыктуу.

Балаңыздын асты «желдеп» турушу зарыл

Күн сайын баланын асты мүмкүн болушунча таза аба менен дем алуусуна мүмкүнчүлүк түзүңүз. Сиз баланын такма жалаягын чечип же ал гана эмес ал уктап жатканда сүлгүнүн үстүнө (белине чейин жылаңач) жаткырып койсоңуз болот. Ошондой эле аба эркин айланып турушу үчүн такма жалаякты бош кылып тагып койсоңуз болот.

Балаңыздын терисин тазалаңыз

Ар бир жалаякты алмаштыргандан кийин балаңыздын терисин кылдат жууш үчүн жылуу суу жана кебез же жеңил пахта кездемесин колдонуңуз.

Бир жолу колдонулуучу салфеткаларды колдонбоңуз, анткени алар балаңыздын терисин дүүлүктүрөт, ал эми кээ бир ымыркайларда аларда камтылган консерванттарга карата аллергия болушу мүмкүн.

Балаңызды жуунтуп жатканда самынсыз жумшак кездеме колдонуңуз жана самын же көбүк ваннасынан алыс болуңуз. Жуунгандан кийин балаңыздын терисин кургактап жана жөнөкөй нымдоочу крем сыйпап коюңуз.

Такма жалаякты алмаштырган сайын тиешелүү коргоочу кремди колдонуңуз 
Такма жалаякты алмаштырган сайын жөнөкөй, арзан коргоочу крем сүйкөп коюңуз. Тосмо кремдерге цинк жана кастор майы же вазелин кирет. Бул кремдерди рецептсиз супермаркеттен же дарыканадан алсаңыз болот. Такма жалаяктын астына кремди коюу сыйпоо керек. Эгер сиз аны жетишерлик коюу сыйпасаңыз, такма жалаякты кийинки алмаштырууда кремдин бир бөлүгүн көрө аласыз.

Талькка негизделген күкүмдөр бышарууда сунушталбайт. Эгерде ымыркай кокусунан тальк күкүмүнөн дем алса, бул дем алууну кыйындатышы мүмкүн.

Дары-дармектер 
Жөнөкөй чаралар менен кетпей турган өтө бышаруу же кызаруулар болгондо, дарыгериңиз 1%дуу гидрокортизон сыяктуу кортикостероиддер менен кремдерди же майларды сунушташы мүмкүн. Дарыгер ошондой эле антибактериялык жана грибокко каршы препараттарды камтыган майларды сунушташы мүмкүн. 

Бышаруулардын алдын алуу

Ар дайым балаңыздын такма жалаягын таза жана кургак кармаңыз. Балаңыздын такма жалаягын тез-тез алмаштырып, мүмкүн болушунча аба ванналарын көбүрөөк жасаңыз.

Вазелин же цинк жана кастор майы сыяктуу коргоочу тосмосу бар кремдер балаңыздын терисин жакшы абалда сактоого жардам берет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт